ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Кабинет жыйынынан кийин улутка кайрылды
Президент Эрдоган: «Террорсуз Түркия процесси бир гана коопсуздук саясаты менен чектелбейт».
Президент Эрдоган Кабинет жыйынынан кийин улутка кайрылды
Президент Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылды / Anadolu Agency (Wire)
 

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Атап айтканда, биз «Террорсуз Түркия» процессин мүмкүн болушунча кеңири саясий жана социалдык консенсус менен алдыга жылдырууну көздөп жатабыз. Бирок биз мындай маселени саясий шантаж куралы катары колдонууга жол бербейбиз», - деп билдирди.

Президент Эрдоган Президенттик сарайда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин улутка кайрылды.

«Террорсуз Түркия» процесси бир гана коопсуздук саясаты менен чектелбестигин белгилеген Эрдоган сөзүн мындайча улантты:

«Албетте, терроризм көйгөйү жок кылынганда, Түркиянын бардык өнөкөт көйгөйлөрү чечилбейт. Биздин алдыбызда жарандык саясаттын көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, демократияны төңкөрүш конституциясынын уятынан бошотуу жана улуттук тилектештикти жана социалдык интеграцияны бекемдөө сыяктуу көптөгөн маселелер бар жана боло берет. Дүйнө өзгөргөн сайын, Түркия өзгөргөн сайын, коомдун күтүүлөрү да өзгөрөт жана булар саясий институттун күн тартибине келет».

Эрдоган мындай деп билдирди:

«Саясаттын маңызы – бул диалог, сүйлөшүүлөр жана консенсустун алкагындагы атаандаштык. Биздин позициябыз биринчи күндөн тартып эле ачык айкын. Биз салым кошкусу келгендердин, бизге чечим сунушун алып келгендердин баарын кубануу менен кабыл алабыз. Атап айтканда, биз «Террорсуз Түркия» процессин мүмкүн болушунча кеңири саясий жана социалдык консенсус менен алдыга жылдырууну көздөп жатабыз. Биз бул процесс кандай башталса, жана ушул жерге кандай жетсе, максатына жеткенге чейин уланышын каалайбыз».

Президент Кудайдын уруксаты менен, бир кадам да артка чегинбестен тынымсыз алдыга жылуу менен бул маселени улуттун күн тартибинен толугу менен алып сала тургандарын билдирди.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды