Анкарада түрк дүйнөсүнүн коммуникация форуму өтүүдө

Түркиянын борбору Анкарада түрк дүйнөсүнүн медиа жана коммуникация адистеринин катышуусунда маанилүү иш-чара өтүп жатат.

By
Түрк мамлекеттеринин дезинформацияга каршы күрөшүү форуму / TRT Global

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Түрк мамлекеттеринин дезинформацияга каршы күрөшүү форуму" мүчө өлкөлөрдүн арасында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана манипуляциялык кампанияларга каршы бирдиктүү позицияны көрсөтүү максатында өз ишин баштады.

Форумга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан (ТКТР) жогорку мартабалуу министр орун басарлары, медиа агенттиктеринин башчылары, окумуштуулар жана журналисттер катышууда. Иш - чаранын негизги максаты түрк мамлекеттеринин арасында коммуникация платформасын түзүү, тажрыйба алмашууну күчөтүү жана дезинформацияга каршы күрөшүүдө институционалдык кызматташтыкты кеңейтүү.

Байланыш майданындагы катарыбызды бекемдейбиз

Форумдун ачылыш сөзүн сүйлөгөн коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран дезинформация жөн гана маалыматтык булгануу эмес, ошол эле учурда улуттук коопсуздукка жана коомдук туруктуулукка багытталган стратегиялык коркунуч экенин баса белгиледи. Дуран: “Коммуникация майданында катарыбызды дагы да бекемдейбиз”,- деп Түрк Мамлекеттери Уюмунун “тилде, пикирде, иште биримдик” деген урааны менен иш алып баруусу керектигин белгиледи. Өзгөчө дезинформацияга каршы күрөшүү "Түрк дүйнөсү 2040 көрүнүшү" жана "2025-жылга карата маалымат тармагындагы иш-аракеттер планынын" ичинде орун алышы бул маселенин канчалык маанилүү экенин көрсөткөндүгүн айтты.

Чындыкка каршы глобалдык коркунуч

Дуран дезинформациянын эл аралык куралга айланганын билдирип, өзгөчө энергетика, коргоо жана транспорт сыяктуу стратегиялык долбоорлорго каршы системалуу каралоо кампанияларына көңүл бурду. Экинчи Карабах согушу учурунда Азербайжанга каршы жүргүзүлгөн манипуляциялык жаңылыктарды мисал келтирген Дуран, чындыкты атайылап бурмалоо "психикалык апаат" экедигин айтты.

Азербайжан Медиа Өнүктүрүү Агенттигинин төрагасы Ахмет Исмаилов болсо дезинформациянын жалпы көйгөй экенин белгилеп, чечүү жолунун коомдордун туруктуулугун арттыруудан жана кесиптик медиа этикасын күчөтүүдөн өтөөрүн билдирди.

Форум түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегине коркунуч келтирген кабылдоо операцияларына каршы бекем "көк купол" куруу чечкиндүүлүгү менен ишин улантууда.