ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: Бул толугу менен геноцид, геноциддин аткаруучусу Нетаньяху
Эрдоган Хамастын террордук уюм эмес, каршылык көрсөтүү тобу экенин баса белгиледи.
Эрдоган: Бул толугу менен геноцид, геноциддин аткаруучусу Нетаньяху
/ AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин Газада «толук геноцид» жасаганын жана кыргындардан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун түздөн-түз жооптуу экенин айтты.

Эрдоган дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында Fox News телеканалына берген маегинде : "Муну башка жол менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Толугу менен геноцид. Бул геноциддин аткаруучусу Нетаньяху. Нетаньяху бул геноцидде он миңдеген адамдарды мыкаачылык менен кырды",-деди.

Газада 120 миңден ашуун кишинин жарадар болгонун жана Түркиянын көптөгөн жаралууларды өлкөгө дарылануу үчүн алып келингенин кошумчалап :«Биз Түркия катары бул геноцидге толугу менен каршыбыз",- деди.

Палестина каршылык көрсөтүү Хамас тобу жана барымтадагылары тууралуу суроого жооп берген Эрдоган, жалгыз Хамас жооптуу деген айыптоолорду четке какты.

"Бул бир тараптуу кылмыш эмес. Күнөөнү бир гана ХАМАСка жүктөө туура эмес. Нетаньяхунун экинчи тарапта кылып жаткан иштерин кантип четке кагабыз?",- деди.

Израилди жарандарга карата кол салуусунан улам айыптап : "Хамасты курал жагынан Израиль менен салыштырууга болбойт. Израиль бул куралдарды 7 жаштан 70 жашка чейин, аялдар, балдар, карылар дебестен аёосуз колдонууда. Ырайымсыз жана бул адамдар кырылып жатат",- деди.

Президент Эрдоган кагылышуунун соңуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, муну чечилбеген Россия - Украина согушу менен салыштырып, чечимден күмөн санаганын айтып: «Эсиңиздерде болсо, Трамп мырза бир билдирүү жасап : «Россия -Украина согушун токтотом»,- деген бүттүбү. Азыр да улантылууда. Ошондой эле “Газа согушун мен бүтүрөм деген?” Бүттүбү? Жок.”,- деди.

"Хамасты террордук уюм деп эсептейсизби?"6- деген суроого: "Мен Хамасты террордук уюм деп эсептебейм. Тескерисинче, аларды каршылык көрсөтүү уюму деп эсептейм. Алар өздөрүн коргоо үчүн колунан келгендин баарын жасап жатышат", - деп жооп берди.

Ислам дүйнөсүнүн Израилге каршы биримдиги

Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүндө Кувейттин мураскер ханзаадасы шейх аль-Сабах менен да жолугушту. Эрдоган жолугушууда Ислам дүйнөсүнүн Израилге каршы биримдигинен мактоо менен сөз кылды.

БУУнун Башкы ассамблеясынын алдында Нью-Йоркто өткөн жолугушууда эки лидер өлкөлөрүнүн ортосундагы карым-катнаштарды, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты. Президент Эрдоган да Газада ок атышпоо үчүн сүйлөшүүлөрдүн улантылышы керектигин баса белгиледи.

Түркия менен Кувейттин ортосундагы өзгөчө соода тармагындагы карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилеген президент Эрдоган, эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө үчүн аракетин уланта турганын билдирди.

Сирия маселесине токтолгон Эрдоган Анкаранын Сирияга колдоосун кайталап, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо менен кайра куруу жана өнүгүүгө көңүл буруунун маанисин баса белгиледи.

Иликте
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды