Фидан: АКШ Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин Сириянын биригүү зарылдыгын түшүнгөнүн билдирди

Түркия Республикасынын тышкы иштер министри АКШлык кесиптеши Марко Рубио жана Ак үйдөгү жогорку кызматтагы адамдар менен Сирия, аймактык коопсуздук жана Цезарь мыйзамы маселелерин талкуулады.

By
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан

Түркиянын тышкы иштер министри Вашингтонго болгон сапарында америкалык жетекчилер жана сириялык кесиптеши менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөргөнүн, жолугушууларда Сириядагы жана Газадагы окуялардын талкууланганын, АКШнын Сириянын биримдикте калышы керектигин түшүнгөнүн айтты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШдагы түрк басылмаларына маалымат берген Хакан Фидан дүйшөмбү күнү АКШ президенти Доналд Трамп менен Сириянын президенти Ахмед ал Шараанын ортосундагы жыйындын айрым бөлүгүнө катышууга чакыруу алганын, өзгөчө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, вице-президент Ж.Д. Вэнс жана АКШнын атайын элчилери Стив Уиткофф, Том Баррак менен жолугушканын билдирди.

Фидан сүйлөшүүлөрдө Анкаранын Сирия боюнча өз позициясын билдиргенин айтты.

АКШнын борбор шаарында түрк басма сөзүнө маалымат берген Фидан: "Айрыкча Сириянын түштүгүндө, түндүгүндө жана башка аймактардагы көйгөйлүү жерлерди кантип башкарууга болот, Цезарь мыйзамына байланыштуу иштерди кантип жүргүзүүгө болот, мунун баарын деталдуу карап чыгууга мүмкүнчүлүк болду. Сирия боюнча Түркиянын жалпы көз караштары, Америка менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, Сириянын өнүгүүсү, биримдиги, ынтымагы, тынчтыгы жана аймактын коопсуздугуна байланыштуу көптөгөн маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүн таптык", - деди.

Шараанын сапары дээрлик 80 жыл мурун өлкө көз карандысыздыгына жетишкенден бери Ак үйгө Сириянын лидеринин биринчи сапары болду.

Фидан Сириянын тышкы иштер министри Асад аш-Шабани, Рубио, Виткофф жана Барак менен бирге АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнстин да сүйлөшүүлөргө катышканын билдирди.

Палестина, Украина, Иран

Министр кийинчерээк Виткофф жана Барак менен өзүнчө жолугушуп, көптөгөн маселелерди, айрыкча Палестина темасын "кенен карап чыкканын" билдирди.

Фидан Россия-Украина согушу дагы күн тартибинде болгонун айтып:"Бул боюнча да узак сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Башкача айтканда, бул согушту токтотуу үчүн азыркы чечүүчү учурда эмнелерди кылса болот, Түркиянын ролу кандай болушу мүмкүн, Америка менен кантип иштеше алабыз, ушуларды талкууладык. Бул боюнча президенттин айрым ойлору бар", - деп билдирди.

Фидан өзгөчө Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрүндөгү АКШнын позициясы боюнча да «кеңири» пикир алмашканын жана андан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу президент Эрдоңанга маалымат бергенин айтты.

Сирия андан ары бөлүнүп кетүү коркунучуна туш болушу мүмкүн

Фидан ошондой эле Сирия маселесине токтолуп, азыркы учурда Сирия экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн санкцияларды биротоло жоюу - "Цезарь Сириянын жарандык коргоо мыйзамы" деп аталган жобо – боюнча эмне кылуу керектигин баса белгилеп, буларды айтты: "Президенттин ыйгарым укуктарын колдонуу менен чектелген санда айрым өзгөчөлүктөр киргизилип, айрым экономикалык ишмердүүлүктөргө жол ачылган. Бирок мыйзамды толугу менен жокко чыгарып, Конгресстен өткөрүп, башкача айтканда, президенттин өзгөчөлүктөрүнө муктаж болбогон абалга жеткирүү керек. Бул жерде администрациянын бирдей пикирде болушу жана Конгресске бул багытта кеңеш бериши өтө маанилүү болчу. Шараанын айткандары да, биз ал жерде бөлүшкөн нерселер да ушул жагынан абдан маанилүү."

Фидан сүйлөшүүлөрүнүн Сириянын түштүгүндөгү Сувейда провинциясында, Сирия Кызыл Жарым Ай коому жана Дамаск өкмөтү менен координацияда жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле түндүк-чыгышта "SDF" деп аталган террордук уюм ПКК/ЙПГнин аймактары үчүн да маанилүү экенин баса белгилеп буларды айтты : "Биздин алдыбызда мындай көрүнүш пайда болууда: түндүгү да, түндүк-чыгышы да, түштүгү да... Эгер бул жердеги көйгөйлөр кылдаттык менен башкарылбаса, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Өлкө бара-бара бөлүнүп-жарылуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушу ыктымал. Америкалыктардын муну түшүнүшү маанилүү болчу жана түшүнгөнүн да көрүп жатам”.

“Өлкөнүн биримдиги жана бүтүндүгү, бирок ошол эле учурда ар бир адамдын өмүрү жана мүлкүнүн коопсуздугу камсыздалышы, ар кандай этностук жана диний топтордун кысымга алынбашы өтө маанилүү. Бул тең салмактуулукту табуу үчүн чоң аракеттер көрүлүүдө. Ошол эле учурда эч кимге коркунуч туудурбашы керек. Бул багытта да олуттуу сүйлөшүүлөр жана пикир алмашуулар болду."