ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Коргоо министри: Түркиянын Европанын коргонуусуна катышуусу өтө маанилүү, Газа миссиясына даярбыз
Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Анкаранын Европанын коргонуусундагы негизги ролун, Украинанын коопсуздугуна катышуусун жана Газадагы миссияга жардам берүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Коргоо министри: Түркиянын Европанын коргонуусуна катышуусу өтө маанилүү, Газа миссиясына даярбыз
Коргоо министри Яшар Гүлер [орто башчы] Түркиянын НАТОдогу маанилүү ролун баса белгиледи. /AP / AP
 

Коргоо министри Яшар Гүлер Түркиянын Европанын жетекчилигиндеги коргонуу демилгелерине, өзгөчө Европа коопсуздук аракети программасына (SAFE) катышуусунун глобалдык жана аймактык коопсуздук үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Гүлер бейшемби күнү Брюсселде өткөн НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны жана Украинанын Коргоо байланыш тобунун саммитинен кийин жасаган билдирүүсүндө Түркиянын НАТО операцияларына күч кошкон эң алдыңкы беш өлкөнүн арасында экендигин айты.

Коргоо министри өзгөчө Анкаранын куралдуу күчтөрүн өнүккөн системалар менен модернизациялоо жана НАТОнун 5% коргонуу инвестициясы максатына жетүү боюнча милдеттенмесин дагы бир жолу кайталап: «Украинага эки тараптуу жана НАТО алкагында кошкон салымыбызды, ок атышпоо жана тынчтыкка багытталган дипломатиялык аракеттерди колдообуздун маанисин баса белгиледик»,- деди.

Түркия Газа миссиясына салым кошууга даяр

Коргоо министри Гүлер Газадагы азыркы ок атышууну токтотууга ыраазы экенин билдирип, бул эки мамлекеттүү адилеттүү чечимдин башталышы болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Гүлер ок атышууну толук ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгилеп, үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдын маанисине көңүл буруп, Түркиянын бул темадагы колдоосун улантаарын билдирди.

Гүлер өзгөчө мындай миссия түзүлө турган болсо түрк куралдуу күчтөрүнүн Газадагы көп улуттуу атайын топко катышууга даяр экенин билдирди.

Израиль менен Хамас АКШнын президенти Дональд Трамптын жетекчилиги астында ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишти. Бул келишим Тель-Авивдин Газага каршы эки жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүп жаткан геноциддик согушун токтотууга багытталган. Бул согушта көпчүлүгү аялдар менен балдардан турган 60 000ден ашуун палестиналык каза болду.

Түркия АКШ, Египет жана Катар менен бирге ок атышпоонун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин алган кепил өлкөлөрдүн бири.

Түркиянын НАТОго мүчө болушунан бери 70 жылдан ашуун убакыт өттү. Түркия аймактык жана Европадагы коопсуздук маселелеринде улуттук позициясын союздаштары менен бөлүшөрүн билдирди.

Түркия өзгөчө көп улуттуу аскердик машыгуу талаптарына ылайыктуу жооп берүүнү көздөгөн Бөлүштүрүлгөн Синтетикалык Окутуу Жогорку Көрүнүктүүлүк Долбоору (HVP) үчүн өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды