ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эрдоган: «Түркия Кипрде эки мамлекеттүү чечимди колдойт»
Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына болгон сапарынан кийин Кипр түрк калкынын сөзсүз түрдө тең укукка жана статуска ээ болушу керектигине басым жасап, Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн маанисин баса белгиледи.
Эрдоган: «Түркия Кипрде эки мамлекеттүү чечимди колдойт»
Түрк президенти Анкара конструктивдүү бойдон калаарын жана аралдагы эки коңшунун ортосундагы макулдашылган кызматташтыкты сыйлай турганын айтты. / AA

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Кипр Түрк калкына жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) кепил катары туруктуу колдоосун дагы бир жолу баса белгиледи.

Ишемби күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасына болгон бир күндүк сапарынан кийин учакта журналисттердин суроолоруна жооп берген Эрдоган: «Кипр түрк калкы тең укуктуу өнөктөшү болгон аралдагы эгемендик теңдигин жана тең эл аралык статусун эртеби-кечпи каттоону камсыздайт»,-деп айтып: «Президент Эрсин Татар тарабынан айтылган эки мамлекеттүү чечим көз карашын бардык күчүбүз менен колдоону улантып жатабыз»,-деди.

17-18-мартта Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлүндө өткөрүлгөн расмий эмес, кеңири катышкан жыйынга токтолгон Эрдоган: «Чын жүрөктөн тилегенибиз – адилеттүү, туруктуу, ырааттуу жана реалдуу чечим»,-деди. «Аралда эки эл жана эки мамлекет бар экенин ар бир адам түшүнө турган мезгил келди», - деп кошумчалады.

Акыркы абалдар бул чындыкты көз жаздымда калтыра албасын белгилеген Президент: «Негизги мекен жана кепил катары Кипр түрктөрүнө жана эгемендүү Кипр Түрк мамлекети Түндүк Кипр Түрк Республикасына колдообуз туруктуу»,-деп кошумчалады.

ТийиштүүTRT Global - Sky’s the Limit: TEKNOFEST TRNC 2025 underway with a dazzling tech showcase

Провокациялык риторика, Түркияга каршы жаңы террордук топтун дооматтары

Рум православ чиркөөсү архиепискобунун Кипрдеги түрк калкын бутага алган билдирүүлөрүнө токтолгон Эрдоган: «Кипрдеги тынчтыктын тилин бурмалаган жана келечек муундарды коркунучка салган ар бир билдирүүнү катуу айыптайм»,-деди.

Түштүк Кипрдин Рум башкаруучулугунда EOKA террордук уюмуна окшош жаңы Түркияга каршы террордук топтун түзүлгөндүгүнүн белгилери боюнча суроого Эрдоган: «Аралдын тынчтыгын бузган, сезимталдыгына шек келтирген, башаламандык жаратууну көздөгөн мамилеге жол бербейбиз»,-деди.  Кипр түрктөрүнүн укуктарын көрмөксөнгө салган же террорду колдогондор Түркиянын күчүн аларга каршы табаарын баса белгилеген Эрдоган: «Чыңалууну арттырган риториканын ордуна конструктивдүү жана бириктирүүчү тил колдонуу аралдын келечеги үчүн дагы пайдалуу болот»,-деп кошумчалады.

Израиль эл аралык укук үчүн эң чоң коркунуч

Мальта жээгинде Газага гуманитардык жардам алып бара жаткан кемеге Израилдин учкучсуз учуучу аппаратынын кол салуусуна токтолгон Эрдоган: «Израиль эл аралык укуктун эң чоң коркунучу, эл аралык мыйзамдарды бузууну адат кылып алышты»,-деп мүнөздөдү.

Ал кемелердин гуманитардык жардам алып баратканын жана мыйзамдуу иш-аракет кылып жатканын баары билсе да, Израилдин чабуулу «таза бандиттик жана каракчылык» болгонун айткан Эрдоган:«Израиль бомба жана оор куралдар менен жете албаган нерсеге палестиналыктардын азык-түлүк жана дары-дармекке жетүүсүнө тоскоол болуу менен жетүүнүн аракетинде»,- деп улантты.

 Түрк лидери Израилдин аракеттерине байланыштуу глобалдык «унчукпай калуу жосунун» токтотууга чакырып: «Дүйнө Израилден чоң экени белгилүү болуш керек. Анын чоңдугуна татыктуу жашап, дүйнөнү өрттөөгө аракет кылып жаткан бул отту өчүрүшү керек»,- деп кошумчалады.

ТийиштүүTRT Global - High technology, AI key to new world — TEKNOFEST head

Израилдин Сирияга кол салуулары

Кипрден кайтып келе жатканда Израилдин Сирияга кол салуулары жана өлкөнү туруксуздаштыруу аракеттери тууралуу сөз кылган Эрдоган «Тынчтык жана бейпилдик чөйрөсү Израилдин эң акыркы каалаган нерсеси» экенин белгилеп: «Сирияда жылдардан бери уланып келе жаткан жарандык согуштун бүтүшү, Сириянын элинин биримдигин жана ынтымагын өз алдынча чече турганы Израилди тынчсыздандырат»,-деди.

Израилдин Сирияда жаңы бир кагылышуу баштоо үчүн айрым топторду провокациялоого аракет кылганы белгиленип, Түркиянын аймактагы таасири жана дипломатиялык жетишкендиктери бир тараптан Израилди тынчсыздандырса, бир тараптан агрессивдүү мамилесин күчөткөнү бааланды.

«Ар бир адам биримдикке жана аймактык бүтүндүккө негизделген жаңы Сирияны куруу үчүн аракет кылышы керек»,-деп баса белгилеген Эрдоган: «Түркия Сириянын жаңы кагылышууга тартылышына жол бербейт»,-деди.

Эрдоган: «Ар дайым айтып келгенибиздей, коңшубуз Сириянын жаңы кагылышуу климатына тартылышына жол бербейбиз жана муну кабыл албайбыз»,-деп баса белгиледи.

Иликте
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты
Түркия жана 14 өлкө Сомалиленддин Кудста элчилик ачуу кадамын айыпташты