ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
"Бул процессте биздин мамилебиз үч негизги принципке негизделген: Диалог. Консенсус. Иш-аракет."
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Министр Курум COP31дин бет ачарын Нью-Йоркто өткөрдү

Экологияны коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү боюнча министр Мурат Курум ноябрь айында Анталияда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясы (COP31) менен климаттык максаттарды өлчөнө турган жана ишке ашырыла турган аракеттерге айландырууну каалап жаткандарын белгиледи.

Мурат Курум Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 81 - жыйынынын алкагында ноябрда Анталияда өтө турган COP31дин ачылышын жасады.

Курум климаттык кризистин шашылыш чечилиши керектиги боюнча жалпы түшүнүктүн бар экенин, негизги максаттар аныкталып, дүйнөнүн көптөгөн аймактарында колдонууга жарактуу чечимдер бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда бул чечимдердин кантип ишке ашырылаары негизги маселе экенин билдирди.

Каржылоого жетүү, мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги, технология жана инвестицияларды муктаждыктарга ылайыкташтыруу сыяктуу көйгөйлөргө токтолгон Курум бул маселелерге ноябрда Анталияда өтө турган COP31 конференциясында жооп изделерин айтты.

Курум: «Бул процессте биздин мамилебиз үч негизги принципке негизделген: Диалог. Консенсус. Аракет. Диалог аркылуу биз ар кандай муктаждыктарды жана артыкчылыктарды угабыз. Консенсус аркылуу биргелешип аракеттенүү чөйрөлөрүн аныктайбыз. Аракет аркылуу бул шериктештикти конкреттүү жыйынтыктарга айландыргыбыз келет», — деди.

Максаттардан иш-аракетке өтүү үчүн "ишке ашыруу архитектурасын" түзгөндүгүн билдирген Курум өлкөлөр, эл аралык уюмдар, каржы институттары, жеке сектор жана жарандык коом менен кеңири консультация процессин жүргүзүп, Иш-аракеттер күн тартибин түзгөндүгүн билдирди.

Курум: "Биз 2035-жылга чейин акыркы энергия керектөөдөгү электр энергиясынын үлүшүн 35 пайызга чейин жеткирүүнү максат кылып жатабыз. COP31 Глобалдык электрлештирүү демилгеси менен дүйнөлүк масштабда электрлештирүүнү тездетебиз", - деди.

Курум нөлдүк калдыктар жөнүндө 2035-жылга чейин муниципалдык калдыктардын пайда болушунун болжолдонгон өсүшүн жок дегенде эки эсеге кыскартууну жана ошол эле учурда глобалдык айланма материалдарды пайдалануунун үлүшүн кеминде 15 пайызга чейин көтөрүүнү көздөп жатканын билдирди.

Министр COP31нин максаттарын мисалдар менен түшүндүрүп, климатка туруктуу шаарлардан, океан жана деңиздеги иш-аракеттерден, азык-түлүк коопсуздугунан баштап, динамикалык жана туруктуу саламаттыкты сактоо тутумдарына чейинкилерди камтый турганын айтты.

Министр Курум ноябрь айында Анталияда баарын тосуп алуудан кубанычта болорун белгилеп: "Бирок биз Анталияны акыркы аялдама катары көрбөйбүз. Анталиянын бул демилгенин көрүнүктүү жана өлчөнүүчү жол менен тездетилген бурулуш чекити болушун каалайбыз",- деди.

Түркиянын жетекчилиги астында өтүүчү 2026-жылдагы COP31 9-20-ноябрь күндөрү Анталиядагы Экспо борборунда өтөт.

Иликте
Президент Эрдоган БУУнун 81-Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга барат
АКШнын аскерлери Кариб деңизинде баңгизат аткезчилиги менен алектенген деп шектелген кемени атты
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Орусия Япониядан АКШнын ракеталык системаларын өз аймагынан чыгарууну талап кылды
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда