Израиль бир нече айга созулган камоо процессинен кийин газалык 11 палестиналыкты бошотту
Камактагылар бошотулгандан кийин медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканага жеткирилгени кабарланды.
Туткундар тууралуу маалымат бюросунун билдиргенине караганда, Газада камалган 11 палестиналык көптөгөн айга созулган камоодон кийин бошотулду.
Маалыматка ылайык, туткундар Газанын түштүгүндөгү чек ара бекетинде бошотулду бирок эвакуация учурунда саламаттыктыры тууралуу толук маалымат берилген жок. Маалыматта бошотулгандарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү максатында Эл аралык Кызыл Крест Комитети тарабынан Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Дейр эл-Белах шаарында жайгашкан Акса Шейиттер ооруканасына жеткирилгени маалымдалды.
Израиль армиясы тарабынан буга чейин бошотулган палестиналык туткундар начар мамиленин, жетишсиз тамактануунун жана оор жаракаттардын белгилерин көрсөтүшкөн; бул абалдардын камакта отурган кезде учураган кыйноодон улам болгонун билдиришкен.
Израиль 13-октябрда ХАМАС менен ок атышууну токтотуу жана туткун алмашуу келишиминин алкагында 2000ге жакын палестиналык туткунду бошоткон, алардын 1700гө жакыны Газадан болгон. Ал мезгилде бошотулгандардын көбүнүн ден соолугу начар экени аныкталган; көбү Израилдин камак жайларында кыйноого, ачкачылыкка жана кемсинтүүчү мамилеге дуушар болгонун айтышкан.
Палестиналык жана Израилдик адам укуктары уюмдарынын маалыматы боюнча, Израилде көпчүлүгү аялдар менен балдар болгон 10 000ден ашык палестиналык камакта. Адам укуктарын коргоочулар камактагылар кыйноого, ачкачылыкка жана медициналык жардамдын жетишсиздигине дуушар болуп жатканын, бул шарттар көптөгөн туткундардын өлүмүнө алып келгенин билдиришүүдө.