ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Жек көрүү кылмышы: Торонто китепканасында мусулман аял кол салууга дуушар болду
Шектүү, анын жоолугуна суюктук төгүп, өрттөөгө аракет кылды.
00:00
Жек көрүү кылмышы: Торонто китепканасында мусулман аял кол салууга дуушар болду
/ AP

Канаданын Торонто шаарына жакын жердеги бир китепканада мусулман аялга кол салган жана жоолугун өрттөөгө аракет кылган шектүүнүн кармалганын полиция билдирди.

"(Жабырлануучу) Китепканада сабак окуп жатканда, бейтааныш аял ага жакындап келип сөгүнүп, башына ар кандай нерселерди ыргыта баштаган», – деп билдирди Дурхам аймактык полициясы.

"Андан соң шектүү жабырлануучунун жоолугун чечүүгө аракет кылып, үстүнө белгисиз суюктукту куюп салган. Анан зажигалкасын алып чыгып, жоолукту өрттөөгө аракет кылган".

Жабырлануучу жардам сурап кыйкырганда, китепкананын коопсуздук кызматкерлери кийлигишкен. Полициянын маалыматына караганда шектүү качып кеткен, бирок бир нече сааттан кийин кармалган.

Канаданын Мусулмандар Улуттук Кеңеши (NCCM) бул окуяга байланыштуу «терең тынчсыздануусун» билдирди.

«Мындай зомбулуктун биздин коомчулукта кадимки көрүнүшкө айланып баратканы өтө өкүнүчтүү. Акыркы жылдары исламофобиялык окуялар кескин көбөйдү», – деди NCCMдин башкы директору Стивен Браун.

«Жетекчилерибиз бул маселени биргелешип чечүү үчүн аракет кылышы керек», – деп кошумчалады ал.

Ажакс шаарынын мэри Шон Коллиер жана китепкана кеңешинин төрайымы Пияли Коррея шаардык веб-сайтта биргелешкен билдирүү жасашты:

"Бул үрөй учурган кол салуунун курмандыктарына жана өзгөчө Рамазан айында — тынчтыктын жана руханий байланыштын айында болгон бул кол салуудан жабыр тарткан же көңүлү калгандардын баарына кайрылабыз: Биз сиздерди колдоо жана жек көрүүнүн бардык түрлөрүнө каршы туруу үчүн бул жердебиз".

Браун NCCMнин полициядан бул окуяны жек көрүү кылмышы катары карап чыгуу өтүнүчүн билдиргенин айтты.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады