ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Трамп менен сүйлөшүү үчүн Вашингтонго барды
Эки лидер соода, инвестиция жана коргонуу өнөр жайы сыяктуу маселелерди талкуулашат.
Президент Эрдоган Трамп менен сүйлөшүү үчүн Вашингтонго барды
Вашингтондо болуу учурунда Эрдоган АКШ президентинин расмий конок үйү болгон Блэр Хауста жашайт. / AA

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Вашингтон шаарына келди.

Трамп Эрдоганды бейшемби күнү Ак Үйдө тосуп алып, эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Соода, инвестиция жана коргонуу өнөр жайы сыяктуу маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Эрдоган:«Президент Трамп менен болгон жолугушуубуз аймактагы согуштарды жана чыр-чатактарды токтотууга, ошондой эле глобалдык тынчтыкты камсыз кылуу боюнча жалпы көз карашыбыздын алкагында өлкөлөрүбүздүн кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошот деп ишенем», – деп буга чейин билдирген.

Эрдоган ушул жылдагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркто болгон учурда, шейшемби күнү Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп тарабынан мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн уюштурулган кабыл алууга катышкан.

Ошондой эле, шейшемби күнү Эрдоган Трамп менен бирге Башкы Ассамблеянын алкагында Газа боюнча көп тараптуу жолугушууга катышты.

Жабык эшик артында өткөн жолугушуу тууралуу кошумча маалымат берилген жок, бирок Эрдоган андан кийин сүйлөшүүлөрдү «өтө жемиштүү жана позитивдүү» деп мүнөздөп, канааттануусун билдирди.

«Биз абдан жемиштүү жана позитивдүү жолугушууну жаңы эле аяктадык. Мен канааттандым. Анын жыйынтыгы пайдалуу болсун», – деп Эрдоган Нью-Йорктогу көп кабаттуу Түрк үйүнүн алдында журналисттерге билдирди.

Вашингтондо жүргөндө, Эрдоган АКШ президентинин расмий конок үйү болгон Блэр Хауста жашайт.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды