ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ менен Ирандын ортосундагы 6 миллиард долларлык активдер боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан башталды
Иран шаршемби күнү Дохада АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы кеминде 6 миллиард долларлык ирандык активдерди бошотуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдүн кайра башталарын жарыялады.
АКШ менен Ирандын ортосундагы 6 миллиард долларлык активдер боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан башталды
Ирандын активдерин бошотуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөр шаршемби күнү Дохада кайрадан башталат.

Эки тарап Ормуз кысыгынын кайрадан ачылышы жана ок атышууну токтотуу (ок тыныгуусу) мөөнөтүн узартуу боюнча келишимге кол коюлгандан бери бетме-бет жолугушуу өткөрө элек.

АКШнын элчилери Стив Виткофф жана Жаред Кушнер шейшемби күнү Катардын борбору Дохада Ирандын ок атышуусу жана Ливан сыяктуу аймактык маселелерди талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Бирок, Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мажид аль-Ансари бул сүйлөшүүлөр катарлык ортомчулар аркылуу жүргүзүлгөнүн жана АКШ делегациясы ирандыктар менен сүйлөшүү үчүн өлкөдө болбогонун баса белгиледи.

АКШ делегациясы Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу транзиттик төлөмдөрдү чогултуу планынын чоо-жайын жана бул пландын Оман тарабынан сунушталган навигациялык төлөмдөр боюнча сунуштарга кандай тиешеси бар экенин тактоону максат кылууда.

Ормуз кысыгындагы көзөмөл боюнча талаш-тартыш

17-июнда кол коюлган меморандумдун ишке ашырылышына байланыштуу түз байланыштардын калыбына келтирилбей жатышы, Ирандын Ормуз кысыгындагы соода мунай танкерлеринин кыймылын көзөмөлдөө чечкиндүүлүгүнөн келип чыгууда.

Андан тышкары, Ирандын өткөн аптада Израиль, АКШ жана Ливан өкмөтүнүн ортосунда сүйлөшүлгөн Ливандын ок атышууну токтотуу сунушуна каршылыгы чыңалууну күчөтүүдө.

Ормуз кысыгындажуманын аягында тараптардын бири - бирине ок атышуусу сүйлөшүүлөргө коркунуч келтирип, 17 - июндан тарта аягына чыгаруу үчүн 60 күндүк мөөнөт берилген өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр али баштала элек.

Тегеранда өткөн басма сөз жыйынында сөз сүйлөгөн Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Бекаи Франция жана Улуу Британия сыяктуу Европа өлкөлөрүн Ормуз кысыгындагы миналардан тазалоо иштерине аралашпоо боюнча эскертти. Бекаи Иран өз жоопкерчиликтерин жакшы билерин жана сырттан болгон кийлигишүүлөр кырдаалды ого бетер татаалдаштырарын баса белгиледи.

Өтүү төлөмдөрү талкууланууда

Батыштык күчтөр Ирандын соода кемелерине транзиттик төлөмдөрдү киргизүү планына каршы чыгып, Омандын айрым кызматтар үчүн акы алуу планын талкуулоого ачык.

Ирандын башкы сүйлөшүүчүсү Мухаммед Бакир Калибаф шейшемби күнү мамлекеттик телеканал аркылуу берген билдирүүсүндө, Ормуз кысыгындагы эгемендик Иран менен Оманга таандык экенин жана кысыктагы кемелердин кыймылы Иран тарабынан белгиленген эрежелерге баш ийерин билдирди.

Калибаф өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, акысыз өтүү укугу 60 күндүк мөөнөткө гана жарактуу экенин кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык деңиз уюму (IMO) Оманга жакын аймакта жаңы деңиз каттамын ачуу боюнча Иран менен бейрасмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Өткөн аптада эки кемеге жасалган чабуулдардан кийин IMOнун башкы катчысы Арсенио Домингес Иран менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бул каттамды убактылуу токтотту.

"Kpler" деңиз жүк ташууларын көзөмөлдөөчү компаниясынын маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү кысыктан 40 кеме өткөн. Иран менен АКШ-Израиль ортосунда үстүбүздөгү жылдын 28-февралында башталган кагылышуулардан бери аймакта жүздөгөн кеме жана 10 миңге чукул деңизчи камалып калды.

Иликте
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди
АКШ президенти Трамптын Анкарадагы программасы белгилүү болду
Президент Эрдоган  НАТО саммитинде дүйнө лидерлерин тосуп алат
Германия: ЕвропаТрампка  жамааттык коргонуу тууралуу берилгендигин НАТОдо көрсөтөт
Иранда Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын экинчи күнүндө дубалар окулду