АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу үчүн Израиль армиясын эскерткени айтылууда.
Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын АКШдагы булагына шилтеме жасап берген маалыматына ылайык, CENTCOM жакында Тель-Авивди "Иранга каршы чабуулдардын кайра башталышына даяр болуу" жөнүндө эскертти.
Бул билдирүү Перс булуңундагы өлкөлөргө да жеткирилгени айтылган кабарда бул абалдын АКШнын президенти Дональд Трамптын Иранга каршы чабуулдарды кайра баштоонун кажети жок деген акыркы билдирүүлөрүнө карама-каршы келгени баса белгиленди.
Кабарда Вашингтон администрациясы Жакынкы Чыгышка аскердик ресурстарды бөлүүнү улантып жатканы, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы жана Европадагы базаларында болжол менен 200 май куюучу учак бар экени айтылды.
Ошондой эле АКШнын аймакта эки учак ташуучу кемеси - "Жорж Вашингтон" жана "Жорж Буш" бар экени жана үчүнчү учак ташуучу кемеси - "Рузвельт" келерки аптада Омандын жээгине келиши күтүлүп жатканы кабарланды.





















