Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирди
ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирдиNvidia компаниясынын башкы директору Женсен Хуанг АКШ жана Улуу Британия баш болгон Батыш өлкөлөрү жасалма интеллектке карата "шек саноодон" улам артта калганын айтты.
Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирди / Reuters
 

Nvidia компаниясынын башкы директору Женсен Хуанг Кытай жаңы муундагы жасалма интеллектти өнүктүрүү жарышында "жеңишке жетет" деп билдирди жана Вашингтонду бул багыттагы аракеттерин тездетүүгө чакырды.

АКШда жайгашкан чип гиганты Nvidia компаниясынын башкы директору Financial Times гезитине Бээжиндин энергетикалык субсидиялары жасалма интеллект технологиясын колдогон өнүккөн жарым өткөргүчтөрдү өндүрүү аракеттерин күчөтүп жатканын айтты.

Британ гезити шаршемби күнү Лондондо өткөн иш-чарада Хуангдын: "Кытай жасалма интеллект жарышында жеңет", - деген сөзүн жарыялады.

Хуанг Nvidia компаниясынын X платформасындагы билдирүүсүндө "Мен көптөн бери айтып келе жатканымдай, Кытай жасалма интеллект боюнча Америкадан бир нече миллисекунд артта", - деп кошумчалады.

Калифорнияда жайгашкан Nvidia өткөн жумада дүйнөдөгү биринчи 5 триллион долларлык компания болду. Бирок анын рыноктук баасы андан бери 4,7 триллион долларга чейин төмөндөдү.

Жасалма интеллект системаларын үйрөтүү жана иштетүү үчүн колдонулган жогорку деңгээлдеги Nvidia чиптери учурда АКШнын улуттук коопсуздук тынчсыздануулары жана Кытай өкмөтүнүн тыюу салууларынан улам Кытайда сатылбайт.

Жасалма интеллектке карата "шек саноо"

Ак үй ушул аптанын башында Nvidia компаниясынын өзүнүн өнүккөн Blackwell чип моделин Кытайда сатууга дагы деле уруксат берүүгө даяр эместигин билдирди.

АКШ бул тыюунун себебин Кытайга аскердик артыкчылык берүү коркунучу менен түшүндүрдү.

Хуанг Вашингтонду бир нече жолу Nvidia чиптерин экспорттоого карата чектөөлөрдү жеңилдетүүгө чакырып, бул саясат Кытайдын өз технологиясын өнүктүрүүсүнө гана жардам берерин айтты.

Шаршемби күнү Financial Times гезитине берген маегинде Хуанг АКШнын штаттары тарабынан жасалма интеллектке киргизилген жаңы эрежелерди сынга алып, Кытай өкмөтү технологияны колдоо үчүн электр энергиясын субсидиялап жатканын белгиледи.

Хуанг АКШ жана Британия сыяктуу Батыш өлкөлөрү жасалма интеллектке карата "шек саноодон" улам артта калганын айтты.

Иликте
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"