ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Нооруздун аймакта тынчтыкка салым кошуусун каалады
Президент Режеп Таййип Эрдоган 21-март Нооруз майрамына карата программага жөнөткөн видео кайрылуусунда Нооруздун аймактагы кагылышуулардын токтошуна салым кошуу үмүтүн билдирди.
Президент Эрдоган Нооруздун аймакта тынчтыкка салым кошуусун каалады
Президент Эрдоган Нооруздун аймакта тынчтыкка салым кошуусун каалады. / AA

Газиантепте Камил Ожак спорт залында өткөрүлгөн программага видебилдирүү жөнөткөн Эрдоган: “Көңүл жана маданият географиябыздын төрт тарабында Нооруз кубанычын тең бөлүшкөн бардык боордошторумду куттуктайм», — деди.

Нооруз жаздын жарчысы жана жаратылыштын кайра жаралуусунун символу экенин белгилеген Эрдоган, бул маанилүү күн Түркияга, аймакка жана бүткүл адамзатка тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык алып келишин тиледи.

Нооруздун бир гана Түркияда эмес, коңшу аймактарда да жаңы башталыштардын символуна айланганын айткан Эрдоган: «Биздин 81 дубаныбыздын баарында жана түрк дүйнөсүнүн төрт тарабында бирдей сезимдер менен Нооруз отунун айланасында чогулуп жатабыз»,- деди.

Түркия 2026-жылы 13-Үй-бүлө кеңешинин саммитине кожоюндук кылаарын эске салган Эрдоган, билдирүүсүндө кеңири географияга кайрылып, Азербайжандан Казакстанга, Кыргызстандан Өзбекстанга, Түркмөнстандан Түндүк Кипр Түрк Республикасына жана Венгрияга чейинки бардык дос жана боордош элдерди Нооруз майрамы менен куттуктады.

Эрдоган аймактагы кагылышууларга өзгөчө көңүл буруп: «Сирия, Ирак жана бүгүнкү күндө согуш алып келген көйгөйлөр менен күрөшүп жаткан ирандык боордошторубузду да Нооруз майрамы менен куттуктайм. Бул маанилүү күн аймагыбыздагы согуштардын токтошуна себепчи болушун тилейм»,- деди.

Президент Эрдоган сөзүн: “Жаздын жарчысы Нооруздун жүрөгүбүзгө үмүт, коомубузга тынчтык, дүйнөбүзгө бейпилдик алып келишин каалайм», — деген сөздөр менен аяктады.

Иликте
Түркияда 580 пляж "Көк желек" сертификатын алды
Россия менен Кытайдан биргелешкен декларация: "Арктиканын аскерлертирилишинен тынчсызданып жатабыз"
УЕФАнын башчысы Чеферин Түркиянын ири финалдык беттештерди өткөрүү жөндөмүн далилдегенин айтты
НАТО: Анкара саммити союздаштардын өз милдеттенмелерин аткаруусуна багытталат
"Британиялык туристтер аймактык жана глобалдык чыңалууларга карабастан Түркияга келүүнү улантууда"
Түштүк Кореянын президенти Нетаньяхуну камакка алуу боюнча ордер чыгарууну карап жатат
Орусия менен Кытай 20 документке кол коюшту
Президент Эрдоган Фон дер Ляйенге "стратегиялык байланышты" баса белгиледи
Израиль камакка алган Глобалдык Сумуд флотилиясынын 87 активисти ачкачылык жарыялады
ДССУ Конгодогу өлүмчүл эбола эпидемиясынын "масштабы жана ылдамдыгы" тууралуу билдирди
Европа Биримдиги АКШ менен соода келишимин аягына чыгаруу боюнча макулдашты
Тышкы иштер министрлиги: Греция жасаган мыкаачылыктарын жашырууга аракет кылып жатат
Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылды
Министр Фидан  19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата билдирүү жарыялады
Иран Пакистан аркылуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын тастыктады