ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Кара деңизде соода кемелерине карата кол салууларды "тынчсыздандыруучу" деп мүнөздөдү
Президент Эрдоган : "Россия менен Украинанын ортосунданы кагылышуу Кара деңиздеги коопсуздукка коркунуч келтирген баскычка жетти", - деди.
Эрдоган Кара деңизде соода кемелерине карата кол салууларды "тынчсыздандыруучу" деп мүнөздөдү
Түркия Москва жана Киев менен байланыштарды сактап келет, сүйлөшүүлөр үчүн бейтарап аянтчаны сунуштап. / AA

Режеп Таййип Эрдоган президенттик комплекстеги Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылып, тышкы саясаттан өнөр жайга, экономикадан коопсуздукка чейин көптөгөн маселелерди талкуулаган Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин өлкө, эл жана бүткүл адамзат үчүн пайдалуу болушун каалады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Кара деңиз жээгине жакын жерде Россияга бара жаткан мунай танкерлерине жасалган кол салууну “тынчсыздандыруучу аракет” деп мүнөздөдү. Билдирүүлөрүн Анкарадагы министрлер кабинетинин жыйынынан кийин жасады.

Түркиянын Транспорт министрлиги жума күнү кечинде Түркиянын жээктерине жакын жерде "Вират" жана "Кайрос" аттуу эки кеменин жарылуулардан улам жабыркаган, "Вираттын" ишемби күнү эртең менен экинчи жолу атылганын билдирген.

Эрдоган кол салуулар тууралуу : “Кара деңиздеги талаш - тартыштардын жана чыңалуунун өлкөбүздүн коопсуздугуна жана аймактык туруктуулукка коркунуч келтире турган деңгээлге жетишине жол бербейбиз. Кара деңизде тобокелдиктер жана коркунучтардын күчөп жатканын көрүп жатабыз. Аймагыбыздагы чыңалууну басаңдатуу үчүн дипломатиялык каналдарды ачык кармап, колубуздан келгендин баарын жасоого даяр экенибизди дагы бир жолу баса белгилейбиз", - деп билдирди.

Эрдогандын билдирүүлөрү Украина аскердик жана саясий кысымга кабылып, АКШ жетектеген тынчтык демилгелери тездетилип жаткан учурда айтылды. Президент: "Тиешелүү тараптарга зарыл эскертүүлөрдү берип жатабыз. Абалдарды жакындан, кылдаттык менен көзөмөлдөп жатабыз жана чыр-чатакты токтотууга салымыбызды кошууга даяр экенибизди билдиребиз", - деди.

Тарыхый бурулуш жер

Эрдоган Түркиянын авиация тармагындагы жаңы ийгилигине токтолуп, учкучсуз саскердик учак KIZILELMAнын дүйнөлүк авиация тарыхында бир алгачкыга ийгиликке жетишкенин айтты.

“KIZILELMAнын бул ийгилиги биздин коргонуу өнөр жайында жетишкен ийгилигибиздин көрсөткүчү. Түркия кылымынын көз карашыбыз бардык тармактарда бирдей динамикага ээ экенин көрүүдөн кубанычтабыз", - деп билдирди Эрдоган.

Baykarдын айтымында, KIZILELMA дем алыш күндөрү реактивдүү кыймылдаткычтуу бута учакты горизонттон тышкары (BVR) абадан абага атуучу ракета менен атып, дагы бир маанилүү этапка жетишти.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту