ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Коргоо министрлиги: Түркия кырсыкка учураган дрондун урандысын иликтеп жатат
Аскердик кызматташтык Грекия, Грек Кипр Администрациясы жана Израиль ортосунда Түркияга аскердик коркунуч туудурбайт, деп Контр-Адмирал Зеки Актүрк билдирди.
Коргоо министрлиги: Түркия кырсыкка учураган дрондун урандысын иликтеп жатат
Türkiye is strengthening its air defences to safeguard its airspace, the defence ministry says. / AA

Түркиянын Коргоо министрлиги Балыкесир жана Кожаэли провинцияларында кулаган дрондордун (УУА) сыныктары изилденип жатканын жана жыйынтыктар алынгандан кийин коомчулукка билдирилерин билдирди.

Коргоо министрлигинин басма сөз жана коомчулук менен байланыштар боюнча кеңешчиси жана өкүлү, контр-адмирал Зеки Актүрк бейшемби күнү коргонуу тармагындагы чоң компания ASELSANдын 50 жылдыгына карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү. Актүрк 15-декабрда Кара деңиздин үстүндө Түркиянын аба мейкиндигине жакын жерде атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары "өтө майда бөлүктөргө бөлүнүп, кеңири аймакка чачылып кеткендиктен" азырынча чогултула электигин белгиледи.

Актүрк журналисттерге берген билдирүүсүндө: "Биздин аба мейкиндигибизди көзөмөлдөө радарлар, электро-оптикалык сенсорлор, кургактагы, деңиздеги жана абадагы бөлүктөр, ошондой эле НАТОнун интеграцияланган түзүмүн камтыган көп катмарлуу архитектура менен 7 күн 24 саат бою камсыз кылынууда жана бул боюнча эч кандай алсыздык жок," — деди.

Актүрк радарда көрүнүүсү төмөн болгон кичинекей, жапыз бийиктиктеги дрондордун (УУА) Түркия менен бирге бардык өлкөлөр үчүн "жаңы муундагы коркунуч" экенин айтты.

«Натыйжада бул окуялар — аба коргонуу алсыздыгынан эмес, Украина менен Россиянын ортосундагы улантылып жаткан согуштун натыйжасында дрондорду колдонуунун күчөгөнүнүн чагылдырууда. Түркия дрондорго каршы кошумча чараларды көрүүдө, улуттук долбоорлор жана өнөктөш интеграциялар мененабадан коргонуу көлөмүн кеңетип жана аба мейкиндигинин коопсуздугун чечкиндүүлүк менен түзүүнү улантууда”,- деди.

Сириядагы абалы

Актүрк ПКК/ЙПГнын акыркы террордук чабуулдары Сириянын аймактык бүтүндүгүнө жана туруктуулугуна зыян келтиргенин, ошондой эле жарашуу процессине тоскоол болгонун айтты.

Контр-адмирал Актүрк: "Өз аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга аракет кылган Түркиянын позициясы айкын жана бул позиция баарына маалым. Түркия бул багытта Сирия өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкты улантууга жана 'Бир мамлекет, бир армия' принцибин колдоого чей чечкиндүү," — деди.

Иликте
Токаев Путинди "Стамбул формуласы 2.0" формуласына кайтууга чакырды
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт