ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Молдова шайлоодон мурун "Россияны жактаган" топторго рейд жүргүздү
Молдованын Европа Биримдигин жактаган президенти бул жуманын аягында боло турган парламенттик шайлоолордон мурун өлкөнү туруксуздаштыруу үчүн Россиянын "жүздөгөн адамга" акча төлөгөндүгүн айтты.
Молдова шайлоодон мурун "Россияны жактаган" топторго рейд жүргүздү
/ AP
23 Сентябрь 2025

Молдова жекшемби күнкү парламенттик шайлоонун алдында өлкөнү туруксуздаштырууга карата Россия колдогон аракеттерге каршы 200дөн ашык рейд жүргүздү. Президент Майя Санду Москванын шайлоого таасир этүү үчүн жүз миллиондогон евро сарптагандыгын билдирди.

Улуттук полициянын маалыматына ылайык, тергөөчүлөр жана коопсуздук күчтөрү 250 издөө жүргүзүп, 100дөн ашык адамды текшерген, бирок алар кайсы саясий топторго тиешелүү экендиги тууралуу маалымат бербегендигин белгиледи.

Шейшемби күнү берилген билдирүүдө : “Издөөлөр, Россия Федерациясынан кылмыштуу элементтер аркылуу координацияланган массалык баш аламандыктарды жана туруксуздукту даярдоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу", - деп айтылды.

Коопсуздук кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, борбор шаар Кишиневдо өткөн брифингде, молдовалык жарандар Сербияда нааразылык акцияларын уюштуруу тактикасы боюнча россиялык чалгындоо кызматкерлери тарабынан окутулган. Коопсуздук кызматкерлери тинтүү учурунда 74 адамдын кармалганын билдирди.

Бул маанилүү шайлоо Молдованын Европа Биримдигине кирүү максаты үчүн чечүүчү болушу мүмкүн. Молдова Москванын бул процессти дезинформация, массалык козголоңдорду уюштуруу жана добуш сатып алуу сыяктуу тактикалар менен тоскоолдук кылууга аракет кылып жатканын айтууда.

‘Эң маанилүү шайлоо’

Санду жекшемби күнкү шайлоону Молдова тарыхынын "эң маанилүү шайлоосу" деп мүнөздөп, Москваны Кишиневду өз таасир этүү чөйрөсүндө кармап туруу үчүн шайлоону манипуляциялоого аракет кылуу менен айыптады.

Өткөн айда АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан орус агенти катары санкция салыган качкын олигарх Илан Шор молдовалыктарга өкмөткө каршы нааразычылык акцияларына катышуу үчүн ай сайын 3000 доллар төлөп берүүнү сунуштаган.

Санду дүйшөмбү күнкү видео кайрылуусунда Молдованын эгемендүүлүгүнүн “коркунучта” экенин жана орус кийлигишүүсү Европага кеңири таасир этерин айтты.

“Кремль Днестр дарыясынын эки жээгинде жана өлкө тышында жүз миңдеген добуш сатып алуу үчүн жүз миллиондогон евро сарптоодо,” – деди.

“Адамдар күн сайын жалган маалыматтар менен ууланууда. Жүздөгөн адам баш аламандыкты, зомбулукту жана коркунучту жайылтуу үчүн акча алышууда.”

Мурдагы президент : Рейддер бизди тынчытуу үчү

Молдованын Россияны колдогон "Мекенчилдер блогунун" тең төрагасы жана бийликтеги Европаны колдогон "Аракет жана тилектештик" партиясына (PAS) каршы күчтүү атаандаш болуусу күтүлүп жаткан Игорь Додон, рейддерде айрым мүчөлөрүнүн бутага алынганын айтты.

“Кылмыштуу ПАС режими бизди коркутуп, элди үркүтүп, үнүбүздү өчүрүүгө аракет кылууда,” – деди билдирди мурдагы президент Игорь Додон Telegram социалдык тармагынан.

"Кесиптештерибизге каршы күн сайын жүздөгөн издөөлөр жана чабуулдар... Майя Санду шайлоонун жыйынтыгынан коркконун көрсөтүүдө. Алар бул шайлоодо утуларын билишет", - деп билдирди маалымат жыйынында.

Шайлоо алдындагы көпчүлүк сурамжылоо PASтын алдыда экендигин көрсөтсө да аналисттер жекшемби күнкү добуш берүүнүн жыйынтыгын алдын ала айтуу мүмкүн эмес экендигин айтышууда.

Сандунун президенттик мөөнөтүндө Молдова өткөн жылы Европа Биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.

Россия Молдованын ички иштерине кийлигишкенин четке кагып, Санду өкмөтүнүн добуш алуу үчүн Россияга каршы маанайды күчөтүп жатат деп билдирди.

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматы (SVR) шейшемби күнү Европа Биримдигин "Молдованы басып алуу тиетинде" деп айыптады.

Россиянын маалымат агенттиги ТАСС СВРнын басма сөз кызматына таянуу менен : "Европа Биримдиги жана НАТО Молдованы Россияга каршы саясатын карманууда чечкиндүү",- деди.

"Муну аскерлерди жайгаштыруу жана өлкөнү иш жүзүндө басып алуу жолу менен жасоону пландаштырууда. Бул этапта НАТО өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү Молдова чек арасына жакын жайгашкан Румынияда топтолгондой көрүнүүдө", — деп билдирди агенттик.

Эл аралык деңгээлде Молдованын бир бөлүгү катары таанылганына карабастан, 1992-жылдагы кыска согуштан бери өз өкмөтү, армиясы, акча бирдиги жана паспорттук системасы менен көз карандысыз мамлекет катары функциясын аткарууда.

Стратегиялык жайгашуусу жана ири, эскирген советтик доордогу курал-жарак кампасынын болушу, өзгөчө Украинадагы согуштун контекстинде, бул жерди потенциалдуу чыңалуу чекитине айландырууда.

Иликте
Сирия менен Украина дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирди
БУУнун баш катчысы Сириянын президенти менен саясий өткөөл жана аймактык кызматташтыкты талкуулады
Трамп Батыш Шерианын аннексияланышына бөгөт коюуну убада кылды
Испания Газа үчүн  гуманитардык флотилияны колдоо үчүн  кемесин жөнөттү
Шараа: Сириянын биримдиги аймактык коопсуздуктун негизги элементи
Израилдин "коопсуз аймагы" Газадагы 1 миллион палестиналыкты суусуз калтырды
БУУда Зеленский менен сүйлөшкөн Трамп Россия тууралуу позициясын өзгөрттү
Макрон: Израиль коңшуларына каршы “туруктуу согуш” абалында коопсуздукту камсыздай албайт
БУУ: Эскалатордун токтоп калышына Трамптын оператору себепкер болушу мүмкүн
Швеция орус коркунучуна каршы  Европаны "согушка даяр турууга" чакырды
Эрдогандын сөздөрү Нью-Йорктогу ири экранда чагылдырылды
Сауд Арабиясынын баш муфтийи, шейх Абдулазиз бин Абдулла аль-Шейх, дүйнөдөн кайтты
Араб мамлекеттери  Израилдин Газадагы "геноциддик согушун" дароо токтотууну талап кылышты
Глобалдык Сумуд флотилиясы жарылууларга, УУА чабуулдарына жана байланыш үзгүлтүгүнө учурап жатат
Азербайжан менен Ирак БУУда Армениянын тынчтык аракеттерин колдоо менен карым-катнаштарын чыңдоодо
Евробиримдиктин лидерлери Сириянын көйгөйлөрүн сүйлөшүү үчүн Шараа менен жолугушту