ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия менен Омандын лидерлери Ирандагы согуштан улам күчөгөн аймактык чыңалууларды талкуулашты
Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Режеп Таййип Эрдоган Иран менен болгон согуш «мурда болуп көрбөгөндөй коопсуздук кризиси» коркунучун туудурарын эскертип, дипломатияны улантуунун маанисин баса белгиледи.
Түркия менен Омандын лидерлери Ирандагы согуштан улам күчөгөн аймактык чыңалууларды талкуулашты
Түркиянын Эрдоганы Ирандын соккуларынан кийин аймактагы коркунучтун күчөп баратканын эскертип, Оманга жасалган чабуулдарды «кабыл алынгыс» деп атады жана ортомчулукка чакырды. / Reuters

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Омандын Султаны Хайсам бин Тарык телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык маселелерди талкуулашты.

Шаршемби күнү Түркия Республикасынын Президентинин коммуникация башкармалыгы берген билдирүүгө ылайык, Эрдоган сүйлөшүүдө: "Иранга жасалган чабуулдар жана андан кийин Ирандын аймактагы боордош өлкөлөргө кайтарган жообу аймакты мурда болуп көрбөгөндөй коопсуздук кризисине кептеди", — деди. Ошондой эле ал Оманга багытталган чабуулдардын "кабыл алынгыс" экендигин айтты.

Президент учурдагы оор кырдаалга карабастан, Түркия ортомчулук сыяктуу дипломатиялык демилгелерден баш тартпаганын жана бул багыттагы аракеттердин улантыларын баса белгиледи.

Президент ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөтүнүн оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитине мусулмандардын кирүүсүнө бөгөт коюусу "кабыл алынгыс" экенин жана Газа эли азыр да олуттуу гуманитардык жардамга муктаж экенин баса белгилеп, Тынчтык кеңешинин ишмердүүлүгү эки мамлекеттүү чечимге жетүү максатында улантылышы керектигин айтты.

Президент Эрдоган сүйлөшүүнүн акырында Хайсам бин Тарыкты келе жаткан Рамазан айты менен куттуктады.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"