ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия терроризмге каршы күрөштө Сомалиге абадан жана кургактыктан аскердик колдоосун күчөтүүдө
Түркия Эш-Шабабдын Могадишодогу террордук чабуулдарын кайрадан күчөтүшү менен бирге аймакта аскердик катышуусун күчөтүү чечимин кабыл алды.
Түркия терроризмге каршы күрөштө Сомалиге абадан жана кургактыктан аскердик колдоосун күчөтүүдө
Түркиянын Сомалидеги Аба компоненттеринин командачылыгы аскердик жардам аркылуу өлкөнүн терроризмге каршы дараметин жакшыртууга салым кошууну улантууда. / AA Archive

Түрк коопсуздук кызматкерлери, Сомалинин борбору Могадишодо жана анын тегерегинде кол салуулар күчөгөн мезгилде, Түркиянын өлкөнүн террорго каршы күрөшүн колдоо алкагында Сомалидеги аба жана кургактык бөлүктөрүн кеңейтип, аскердик катышуусун күчөткөнүн билдиришти.

Түрк коопсуздук кызматкерлери бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө, Сомали-Түркия биргелешкен күчү жана Түркиянын аба күчтөрүнүн командирлигинин аскердик жардам, машыктыруу жана кеңеш берүү иштери аркылуу Сомалинин террорго каршы күрөшүү дараметин чыңдоону улантып жатканын белгилешти.

Жетекчилер Түркиянын Сомалидеги аба күчтөрү командирлигинин күчтөндүрүлгөнүн жана жаңы бөлүктөрдүн терроризмге каршы операцияларга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Сомалинин Еш-Шебаб менен күрөшү

Сомали Аль-Каида менен байланышы бар Еш-Шебаб террордук уюму менен он жылдан ашык убакыттан бери күрөшүүдө.

Уюм Сомалинин куралдуу күчтөрү, Африка союзунун аскерлери жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан жасалган аскердик кысымга карабастан, өзгөчө Могадишодо жана ага чектеш аймактарда жардырууларды, кол салууларды улантууда.

Сомали бийлиги өлкө боюнча масштабдуу операцияларды жүргүзүп жаткан учурда, Еш-Шебаб акыркы айларда мамлекеттик мекемелерге, коопсуздук күчтөрүнө жана эл көп чогулган жайларга чабуулдарын күчөтүү менен коопсуздуктун алсыз жактарынан пайдалана аларын көрсөттү.

Түркиянын тынымсыз колдоосу

Түркия Могадишодо чоң аскердик машыгуу базасын түзүү жана Сомалинин Улуттук Армиясына ар тараптуу колдоо көрсөтүү менен Сомалинин эң жакын коопсуздук өнөктөштөрүнүн бирине айланды.

Миңдеген сомалилик аскер түрк инструкторлору тарабынан окутулуп, Түркия жабдууларды, техникалык колдоону жана оперативдик кеңештерди да берүүдө.

Түрк жетекчилер максаттарынын Сомалинин узак мөөнөттүү туруктуулугун сактоого жана чет элдик күчтөргө көз карандылыгын азайтууга жардам берүү, өзүн-өзү камсыз кылган коопсуздук архитектурасын түзүү экенин билдиришти.

Сомалилик расмий өкүлдөр Еш - Шебабга каршы жетишилген ийгиликтерди бекемдөө жана уюмдун кайрадан аймакка ээ болушуна жол бербөө үчүн аракеттерин күчөтүп жаткан учурда, Түркиянын жөнөткөн акыркы кошумча күчтөрү эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү ниетин көрсөттү.

Иликте
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды