МАДАНИЯТ
2 мүнөт окуу
Пакистандык архитектор Газадагы геноцидге байланыштуу Израилдин сыйлыгын четке какты
Ясмин Лари, Пакистандын биринчи аял архитектору катары аз камсыз болгон жамааттарды туруктуу турак жай жана экологиялык очоктор менен камсыз кылуу үчүн көптөгөн жылдар бою иштеп келет.
00:00
Пакистандык архитектор Газадагы геноцидге байланыштуу Израилдин сыйлыгын четке какты
/ Other

Пакистандагы биринчи аял архитектор Ясмин Лари, Израилдин Газага каршы согушуна байланыштуу архитектура тармагындагы Вольф сыйлыгын алуудан баш тартты.

Ларинин бул сыйлыкка байланыштуу билдирүүсү Instagram (@barefootsocialarchitecture) аркылуу жарыяланды.

Ал: "Бул сыйлык үчүн абдан ыраазы болгонума карабастан өкмөткө көз карандысыз уюмдан берилсе деле сыйлыкты же акчалай сыйлыкты кабыл ала албайм, анткени Газадагы "трагедиялуу геноцид" уланууда", - деп билдирди.

Ошондой эле: "Зордук-зомбулуктун ар кандай түрү мен үчүн кабыл алынгыс жана өмүрүмдүн көп бөлүгүн качкындарга, климаттык мигранттарга жардам берүүгө арнадым. Тилекке каршы, Газа азыр жер которууга байланыштуу эң оор абалдардын бири болуп калды",-деди.

Вольф сыйлыгы 1978-жылдан бери Израилде берилүүчү эл аралык сыйлык болуп саналат. Бул сыйлык дин, жыныс, раса, география жана саясий позициясына карабастан ийгиликке жетишкен адамдарды урматтоо максатында ыйгарылат.

Сыйлык; медицина, айыл чарба, математика, химия, физика жана искусство тармактарында берилет. Көркөм сыйлык архитектура, музыка, живопись жана скульптура категорияларын камтыйт.

Сыйлыктын расмий сайтында: "Вольф сыйлыгы дүйнө жүзүндөгү илимпоздорду жана өнөрпоздорду илим жана искусствону өнүктүрүүдөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн сыйлайт. Бул сыйлык аркылуу ушул тармактарда дүйнөнү жакшыртууга салым кошкон лидерлерди жана жол башчыларды урматтайбыз", - деп жазылган.

Ар бир категориядагы сыйлык диплом, Ардак медалы жана 100,000 долларлык акчалай сыйлыкты камтыйт.

Лари сыйлыктан баш тарткандан кийин сыйлык кытайлык архитектор Тянтян Сюга тапшырылды. Ал "Кытайдагы айылдарды экономикалык, социалдык жана маданий жактан өзгөрткөн архитектурасы үчүн" сыйланды.

Ясмин Лари тууралуу маалымат

Лари 1941-жылы Пакистанда төрөлгөн жана 15 жашында үй-бүлөсү менен Лондонго көчүп кеткен. Оксфорд Брукс архитектура мектебин аяктагандан кийин 23 жашында күйөөсү менен бирге Пакистанга кайтып келген.

Лари жана анын маркум күйөөсү Сухайл Заир Лари 1980-жылы Пакистан мурастар фондуна негиз салган. Бул фонд өлкөнүн маданий мурастарын сактоодо чоң роль ойногон.

Анын иши архитектура менен социалдык адилеттүүлүктүн кесилишине, өзгөчө Пакистандын жакыр жашаган жамааттары үчүн чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. Лари ылай, акиташ жана бамбук сыяктуу табигый материалдарды колдонуу менен 50 000ден ашык туруктуу баш калкалоочу жайларды жана 80 000 экологиялык мештерди курган.

2007-жылы бамбук менен иштөөнү баштап, качкындар үчүн коомдук ашканаларды камсыз кылган. Кийинчерээк өлкөнү каптаган селден кийин ал мамыларга орнотулган коомдук борборлорду курган.

2022-жылы Пакистанды каптаган ири селден кийин ал туруктуу жана селге чыдамдуу үйлөрдү курууну убада кылган.

Анын иши салттуу гуманитардык жардамга көз карандылыкты азайтуу аркылуу жамааттарды бекемдөөгө багытталган “Жыңайлак социалдык архитектура” (Barefoot Social Architecture) деп аталган маалымат бөлүшүү системасына негизделген.

2023-жылы Лари гуманитардык иштери үчүн Британиянын Королдук Архитекторлор Институтунун алтын медалы менен сыйланган. 2020-жылы болсо Жейн Дрю сыйлыгын алган.

Иликте
Тилден мотивге чейин: Түрк дүйнөсүндөгү биримдик жана маданий көпүрөлөр долбоору
Зеугма мозаика музейи 49 миң 733 конокту тосуп алды
Бишкекте 10-Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү өтөт
8-Этноспорт маданий фестивалында акыркы күндүн иш-чаралары башталды
Эмине Эрдоган: "Түрк ашканасы - биздин эң нарктуу маданий элчибиз"
8-Этноспорт маданий фестивалы башталды
Бурханеттин Дуран: "Түрк ашканасы жумалыгы биздин күчтүү цивилизациялык мурасыбызды сактап келет"
Изникте кыргыз жоокерлери эскерилди
Сыймыгыбыз Ыспарта: Эл аралык Шекспир фестивалы АКШдан сыйлык менен кайтып келди
SAHA-2026 коргонуу жана аэрокосмос жарманкеси Стамбулда башталды
ТМУнун Космос агенттиктеринин жана тиешелүү органдардын 5-жыйыны Өзбекстанда өттү
Түркиянын Улуттук Гимнине 105 жыл толду
TRT Академия жана COPEAM кызматташтагында спорттук берүүлөрдүн келечеги талкууланат
Түрк жумалыгы
Түркия кытай жарандарына визасыз саякат кылууга уруксат берди
Түркиянын түндүгүндө эки миң жылдан ашык тарыхы бар Пафлагония күмбөзү зыяратчыларды күтүүдө
Түркиядагы Карахантепе аймагы 2025-жылдын эң маанилүү археологиялык ачылыштарынын катарына кирет
«Кандуу рождество» кыргынынында курман болгон кипрлик түрктөр Түркияда эскерилди
TRT биргелешип тарткан "Палестина 36" кинотасмасы "Эң мыкты эл аралык көркөм тасма" номинациясында
Атактуу кинорежиссер Роб Райнер жана  аялы Лос-Анджелестеги үйүндө каза болду