ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ак үй: Трамп Билим берүү департаментин жабуу жөнүндө буйрукка кол коёт
Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда билим берүүнү штат башкаруучулуктарына өткөрүп берем деп айткан; бул республикачылар көптөн бери талап кылып келген тема.
00:00
Ак үй: Трамп Билим берүү департаментин жабуу жөнүндө буйрукка кол коёт
/ AFP

АКШнын президенти Дональд Трамптын, Билим берүү департаментин жоюу боюнча буйрукка кол коёру күтүлүүдө. Бул кадам америкалык консерваторлордун көптөн бери көксөп келген максаты болуп саналат.

Шаршемби күнү бир нече маалымат каражаттары бул чечимге бейшемби күнү Ак үйдө боло турган аземде кол коюла турганын жазып чыгышкан. Ошол эле учурда департаментте кызматкерлердин санын кыскартуу жана каржылоону азайтуу боюнча кадамдар жасалды.

Трамптын билим берүү министри, мурдагы World Wrestling Entertainment компаниясынын башкы директору Линда МакМахон, 3-мартта ант бергенден кийин дароо министрликтеги “акыркы кызматын” баштаарын билдирген жобо чыгарган. Бир жуманын ичинде ал министрликтин кызматкерлеринин жарымын иштен алды.

78 жаштагы Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда федералдык өкмөттүн билим берүү боюнча ыйгарым укуктарын штат башкаруучулуктарына өткөрүп берем деп убада кылган. Бул республикачыл саясатчылардын көбү ондогон жылдар бою жактап келген көз караш.

Америка Кошмо Штаттарында федералдык өкмөттүн ролу салттуу түрдө чектелген. Башталгыч жана орто билим берүү бюджетинин 13%га жакыны гана федералдык фонддордон, калганы штат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келет.

Бирок, федералдык каржылоо аз камсыз болгон мектептер жана өзгөчө муктаждыктары бар окуучулар үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле, федералдык өкмөт окуучулардын жарандык укуктарын коргоодо маанилүү роль ойнойт.

Бир нече программалар сакталат

Politico басылмасынын маалыматына ылайык, буйрук МакМахонго департаментти жабуу үчүн "бардык зарыл чараларды көрүүнү" тапшырган. Бул аземге бир нече республикачыл губернаторлор катышары күтүлүүдө.

Көптөгөн маалымат каражаттары айрым негизги программалар, мисалы университет студенттери үчүн стипендия жана аз камсыз болгон мектептерди каржылоо жокко чыгарыларын кабарлашты.

Макмахон кызматка киришкенден көп өтпөй эле долбоор тексти ачыкка чыгып, бул чечим көптөн күткөн кадам экени белгилүү болгон.

Бирок 1979-жылы түзүлгөн Билим берүү департаменти Конгресстин макулдугусуз мыйзам боюнча жабылышы мүмкүн эмес жана республикачылар аны бекитүү үчүн жетиштүү добушка ээ эмес.

Трамптын экинчи мөөнөтүндөгү башка федералдык агенттиктер сыяктуу эле, Билим берүү департаменти да бюджеттин кескин кыскаруусу жана кызматкерлердин санын азайтуу менен иштебей калышы мүмкүн.

Бул аракеттер Илон Маск башкарган Өкмөттүн натыйжалуулугу департаменти (DOGE) тарабынан жетектелүүдө. Бирок алардын ыкчам аракеттери аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарынан ашып кетиши мүмкүн деген негизде соттордо каршылыкка туш болууда.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"