САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Иран Израилдин чабуулунан кийин АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөрүн маанисиз деп атады
Тегеран Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр маанисин жоготкондугун айтып, АКШнын Израилге колдоосу кол салууну мүмкүн кылды деп ырастады.
Иран Израилдин чабуулунан кийин АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөрүн маанисиз деп атады
АКШ менен Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасы бүдөмүккө туш болууда. / AA
 

Иран Израилдин бүгүнкү күнгө чейинки эң ири аскердик чабуулунан кийин Тегерандын өзөктүк программасы боюнча АКШ менен диалог “маанисиз” болуп калганын билдирди. Анда Вашингтон кол салууну колдоп жатат деп айыптады.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бекайи жума күнү жарым расмий Tasnim маалымат агенттигине: «Экинчи тарап (АКШ) өзүн диалог жүргүзүүнүн эч кандай мааниси жок калгандай алып барды. Сиз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз деп айтып, андан соң сионисттик режимге (Израиль) Ирандын аймагын бутага алуу үчүн жол ача албайсыз»,-деди. Бекаи Израилдин кадамдарынын дипломатиялык процесске залакасын тийгизгенин жана кол салуунун Вашингтондун уруксатысыз болушу мүмкүн эмес экенин айтты.

Буга чейин Иран АКШны Израилдин чабуулдарына шериктеш деп айыптаган, бирок Вашингтон бул дооматты четке кагып, Тегеранга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу «акылдуулук» болорун айткан.

Жекшемби күнү Омандын борбору Маскатта АКШ менен Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасы өтүшү керек болчу, бирок сүйлөшүүлөр Израилдин чабуулдарынан кийин качан болору азырынча белгисиз.

Иран уранды байытуу программасы жарандык максатты гана көздөгөнүн жактайт жана Израилдин өзөктүк курал жасап жатат деген айыптоолорун кескин четке кагып келет.

АКШнын президенти Дональд Трамп Reuters агенттигине берген маегинде, Израилдин чабуулдары болоорун өзү жана анын командасы билгенин, бирок келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү дагы эле бар деп эсептешкенин айтты.

Иликте
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"