ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ветеринардын кене вирусунан каза болушу Японияда тынчсызданууну жаратты
Ветеринардын кене аркылуу жугуучу катуу ысытма жана тромбоцитопения синдромунан (SFTS) каза болушу өлкөдө жаныбарлардан адамдарга жуккан деп шектелген кене вирусунун биринчи учуру болушу мүмкүн.
Ветеринардын кене вирусунан каза болушу Японияда тынчсызданууну жаратты
Japan has recorded over 600 SFTS cases since it was first confirmed in the country in 2013. / Reuters
 

Японияда бир ветеринар катуу ысытма жана тромбоцитопения синдромунун (SFTS) биринчи учурунан каза болгондон кийин өлүмгө алып келген кене вирусунун жайылып кетүү коркунучу жаралды.

South Morning China Post гезитинин маалыматына караганда, Мие префектурасында иштеген 50 жаштардагы дарыгер май айында клиникасында оорулуу мышыкты дарылагандан кийин дене табы көтөрүлүп кеткен. Ошол эле күнү ооруканага жеткирилген ветеринар бир нече күндөн кийин каза болгон. Экспертиза кененин чаккан белгилерин тапкан эмес, анын кесиптештеринде да, мышыктын ээсинде да оорунун белги байкалган жок.

SFTS – бул негизинен кенелердин чакканынан жугуучу буньявирус аркылуу пайда болгон жугуштуу оору. Оору жогорку температура, кусуу, ич өткөк жана көп органдардын иштебей калышы сыяктуу белгилерди жаратышы мүмкүн. Өлүм көрсөткүчү 10%дан 30%га чейин жетиши мүмкүн.

Японияда бул оору 2013-жылы биринчи жолу катталгандан бери 600дөн ашуун учур аныкталган. Алардын көбү батыш аймактарында, мисалы, Мие, Вакаяма жана Шимане префектураларында катталган.

Япониянын Ветеринардык Ассоциациясы ветеринарларга жаныбарларды же жаныбарлардын өлүктөрүн кармаганда беткап, кол кап жана көздү коргоо сыяктуу коргоочу шаймандарды кийүүнү эскертти. Жергиликтүү бийлик, вирустун ветеринарга мышыктан түздөн-түз жугуп же жукпаганын аныктоо үчүн инфекциянын булагын иликтеп жатат.

Үй жаныбарларына байланыштуу SFTS учурлары сейрек кездешкени менен, бул окуя жаңы эскертүүлөрдү жаратты. Айрыкча, кене сезону жаздан күзгө чейин күчөгөн мезгилде бул коркунучтар көбөйөт. Жетекчилер элге кенеге каршы каражаттарды колдонуу, чөптүү жерлерде узун жеңдүү кийимдерди жана шымдарды кийүү, ошондой эле оорулуу же кароосуз калган жаныбарларды кармоодо кошумча чараларды көрүүнү сунуштоодо.

Иликте
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз