МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
Түркия Римде ачылган көргөзмөдө маданий казыналарын көрсөтүүдө
Түркиянын маданий байлыктары Римде Жер Ортолук деңизинин орток мурастарын ачкан көргөзмөдө зыяратчылар менен жолугушту.
Түркия Римде ачылган көргөзмөдө маданий казыналарын көрсөтүүдө

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Маданий мурастар жана музейлер башкы башкармалыгы жума күнү Римде жаңы ачылган көргөзмөдө Түркиядан үч экспонаттын жана бир репродукциянын келгендерге таанытылгандыгын билдирди.

Бейшемби күнү ачылган «Cybele – Magna Mater Idaea tra Roma, Tunisi e il Mediterraneo» аттуу көргөзмө Колизей археологиялык паркынын башкармалыгы жана Тунис улуттук мурас институтунун кызматташтыгы менен уюштурулду.

Маданият жана туризм министрлиги жыл сайын миллиондогон конокту кабыл алган бул эл аралык көргөзмө аянтына түрк эмгектеринин киргизилүүсүнүн «иштерибизди таанытуу жана Италия менен терең тамырлашкан байланыштарыбызды бекемдөө үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк» экенин белгиледи.

Көргөзмөдө Тунистин байыркы Зама шаарынан казылган экспонаттардан тышкары жалпысынан 92 эмгек орун алды. Алардын арасында Италиядагы музейлерден 30, Ватикандан 3, Грециядан 4, АКШдан 2, Германиядан жана Даниядан 1, Болгариядан 5 жана Бельгиядан 10 эмгек бар.

Көргөзмө 5-ноябрга чейин келген коноктор үчүн ачык болот.

Иликте
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү