ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Улуттук Коргоо министрлиги: Сириянын туруктуулугу Түркиянын коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу
Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги Сирия өкмөтүнүн өлкөнүн биримдигин жана жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн көргөн бардык чараларды колдой турганын жарыялады.
Улуттук Коргоо министрлиги: Сириянын туруктуулугу Түркиянын коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу
Түркия Сириянын туруктуулугун сактоо боюнча чечкиндүү позициясын сактап калууда, деп мурда Түркиянын Коргоо министрлигинин булактары билдиришкен. / AA

Түркия өкмөтү бейшемби күнү Сириянын борборлоштурулган мамлекет катары сакталышын колдоорун дагы бир жолу баса белгилеп, Дамаск тарабынан аймактык бүтүндүктү коргоо үчүн жасалган бардык кадамдарды колдоого даяр экенин билдирди.

Сириянын туруктуулугу түздөн-түз Түркиянын коопсуздугу менен байланыштуу жана бул багытта жасалган ар бир кадам аймактык тынчтыкка салым кошот, деп билдирди Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги.

“Түркия Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин коргогон борборлоштурулган башкаруу модели аркылуу туруктуулукка жетишет деп ишенет жана бөлүнүүчүлүккө жол бербөө үчүн аракет кылат”, - деп билдирди министрликтин өкүлдөрү жума сайын өткөрүлгөн маалымат жыйынында.

Аскердик жардам

Министрлик 13-августта Сирия менен кол коюлган меморандумдун алкагында Сириянын Куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган машыгуу жана кеңеш берүү иш-чаралары улантылып жатканын белгиледи.

“Бул контекстте Түркия Сириянын өтүнүчүнө ылайык пландалган машыгуу борборлорун түзүү үчүн зарыл болгон колдоону көрсөтөт”, - деп билдирди. Министрлик ошондой эле : “Түркия Сирия өкмөтү тарабынан анын биримдигин жана бүтүндүгүн сактоо үчүн жасалган бардык чараларды колдойт”,-деп кошумчалады

Өткөн айда Сирия өлкөдөгү сектанттык зомбулуктан кийин коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо үчүн Түркиядан колдоо сураган.

Түркия 13-августта кол коюлган коргонуу келишиминин алкагында Сирияга курал-жарак, аскердик машыгуу, жабдуулар жана логистикалык колдоо көрсөтүүгө макул болгон.

Келишимге ылайык, Түркия өзүнүн билим жана тажрыйбасын бөлүшүп, аскердик жабдууларды, курал системаларын жана логистикалык материалдарды камсыз кылып, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жардам берет, деп билдиришкен Түркиянын Коргоо министрлигинин атын атагысы келбеген өкүлдөрү.

Түркия Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо, туруктуулукту камсыз кылуу жана террордук уюмдарга каршы күрөшүү боюнча чечкиндүү позициясын сактап келет, деп кошумчалашты булактар.

Израилдин аймактык тынчтыкка жана туруктуулукка коркунучу

Ошондой эле маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн министрликтин өкүлү Зеки Актүрк Израилдин аймактагы тынчтык менен туруктуулукту бутага алган жоопкерчиликсиз чабуулдарын улантып жатканын айтты.

Газа тилкесинде ачарчылык менен күрөшүп жаткан палестиналыктардын жашоосу күндөн-күнгө чыдагыс болуп баратат, ал эми Израиль күчтөрү тарабынан атайылап бейкүнөө жарандарды жана журналисттерди, анын ичинде ооруканадагыларды бутага алган кыргындар уланууда, деп билдирди Актүрк.

“Көз карандысыз журналисттерди бутага алуу эл аралык коомчулуктун болуп жаткан кыргындар менен гуманитардык трагедияны көрүүсүнө тоскоол болууну көздөйт. Израилдин согуш кылмыштары жана эл аралык мыйзам бузуулары үчүн жазасыз калуусу анын чексиз басмырлоочу жүрүм-турумун күчөтөт”, - деп кошумчалады ал.

Актүрк: “Мындай аракеттерге каршы, Газа тилкесинде туруктуу ок атышууну камсыз кылуу, гуманитардык жардам коридорлорун үзгүлтүксүз ачык кармоо жана жооптуу адамдарды жоопко тартуу эл аралык коомчулуктун негизги милдети болуп калды”,- деп белгиледи .

“Израилдин Сирияда, Ливанда жана Йеменде жасаган чабуулдары да биздин аймактын коопсуздугу менен туруктуулугуна доо кетирүүдө,” - деп кошумчалады ал.

“Аймактык тынчтык жана туруктуулук үчүн Израиль бардык коңшу жана аймактык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин урматтоосу зарыл,” - деп жыйынтыктады ал.

Иликте
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Грецияда бир жуманын ичинде Батыш Нил вирусунун 45 жаңы учуру катталды
Ирандын тышкы иштер министри Франциянын адам укуктарына байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди
Иран: "Ормуз кысыгы биздин шарттар кабыл алынмайынча ачылбайт"
Орусиянын президенти Путин Курил аралдарына барды