Түркиянын экспорттоочулар кеңешинин (TİM) маалыматтарына ылайык, автоунаа тармагы сентябрь айында өнөр жай топторунун арасында 3,940 миллиард долларлык экспорт менен биринчи орунду сактап калды.
Эң көп экспорт жасаган тармактардын арасында химиялык заттар жана продукциялар 3,068 миллиард доллар менен экинчи орунду, ал эми электр жана электроника тармагы 2,063 миллиард доллар менен үчүнчү орунду ээледи.
Өткөн айда экспорттун эң жогорку пайыздык өсүшүнө жетишкен тармак 203,3% менен зер буюмдары болду. Бул тармактын экспорту сентябрь айында 1,512 миллиард долларга чейин өстү.
Түркиянын экспортунун 72,5% түзгөн өнөр жай тобунун тышкы сатуусу 16,8%га жогорулап, 18,8 миллиард доллардан ашты.
Өткөн айда экспорттун 12,3% түзгөн айыл чарба тармагы 9,2%га өсүп, болжол менен 3,2 миллиард долларга жетти, ал эми экспорттун 2,6% түзгөн тоо-кен тармагы 24,2%га өсүп 682,6 миллион долларга жетти.
Эң көп экспорт Германияга жасалды
Өткөн айда эң көп экспорт жасалган үч өлкө 1,87 миллиард доллар менен Германия, 1,46 миллиард доллар менен АКШ жана 1,35 миллиард доллар менен Улуу Британия болду.
Бул мезгилде эң көп экспорт жасаган үч шаар болсо 9,54 миллиард доллар менен Стамбул, 2,2 миллиард доллар менен Кожаели жана 1,7 миллиард доллар менен Анкара турат.






















