ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Буркина-Фасо Франция менен диплоаматиялык карым - катнаштарын үздү
Уагадугу өкмөтү карым - катнаштарды улантуунун шарттары мындан ары жок экенин билдирип, Францияны "деструктивдүү тармактарды" жана "террористтерди" колдоо менен айыптады.
Буркина-Фасо Франция менен диплоаматиялык карым  - катнаштарын үздү
Буркина-Фасонун президенти капитан Ибрагим Траоре Уагадугудагы аземге катышууда, 15-октябрь, 2022-жыл. / AFP Archive

Буркина-Фасо өкмөтү жума күнү мамлекеттик телеканалдан коопсуздук, эгемендүүлүк жана чет элдик кийлигишүү боюнча бир нече жылдардан бери карым - катнаштардын начарлашынан улам Франция менен дипломатиялык карым - катнаштарды үзгөнүн жарыялады.

Өкмөттүн билдирүүсүндө бул чечим эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштардын абалын "ар тараптуу карап чыккандан" кийин кабыл алынганы белгиленди.

Батыш Африка өлкөсү коңшу Малиден келип чыккан жана акыркы он жылда миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адамдын жер которушуна жол ачкан куралдуу козголоң менен күрөшүүдө.

Коммуникация министри Гилберт Уэдраого: "Өз ара урмат - сый жана ишенимге, ички иштерге кийлигишпөө принцибине жана улуттук эгемендүүлүккө негизделген мамилелерди өнүктүрүү үчүн зарыл болгон фундаменталдык шарттар жок", - деди.

Уэдраого Париж менен карым - катнаштарды карап чыккандан кийин кабыл алынган чечим 26-июнда күчүнө киргенин айтты.

Уэдраого Францияны "деструктивдүү тармактарды" жана "террористтерди" колдоо менен айыптады, бирок бул айыптоолор боюнча кеңири маалымат берген жок.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек. Париж өкмөтү буга чейин терроризмди колдогон деген айыптоолорду четке каккан.

 

Иликте
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү