ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Дания менен Гренландия АКШнын кысымына жооп иретинде НАТОнун Арктика миссиясын сунуштады
Дания менен Гренландия аралга болгон эгемендүүлүктү дагы бир жолу ырастап, аны сатуу сунуштарын четке какты.
Дания менен Гренландия АКШнын кысымына жооп иретинде НАТОнун Арктика миссиясын сунуштады
«Эгер АКШ эртең НАТОдон чыгып кетсе, биз өз алдыбызча иш алып барууда эбегейсиз чоң кыйынчылыкка туш болмокпуз», — дейт министр. / AFP
 

АКШнын Даниянын автономиялуу аймагын басып алуу коркунучу уланып жаткандыктан, Даниянын коргоо министри Троэлс Лунд Поулсен өлкөсүнүн Гренландия менен биргеликте НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттеге "Арктикада НАТОнун миссиясын" сунуштаганын билдирди.

Поулсен бул билдирүүнү дүйшөмбү күнү Брюсселде Гренландиянын тышкы иштер министри Вивиан Моцфельдт менен биргеликте өткөргөн басма сөз жыйынында НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте жана Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди.

Дания менен Гренландия Арктикада НАТОнун миссиясын сунуштаганын ырастаган Поулсен: "Биз муну талкууладык жана ошол эле учурда ушундай сунуш киргиздик", - деди.

Бирок, Поулсен Рюттенин бул сунушка кандай жооп кайтарганы тууралуу маалымат берген жок.

Поулсен өзгөчө АКШнын расмий өкүлдөрү менен диалогду уланта турганын баса белгилеп, мындан артка кадам таштаган тарап Дания болбой турганын билдирди.

"Эгерде АКШ эртең НАТОдон чыга турган болсо, муну жалгыз биздин башкаруубуз абдан кыйынчылык жаратат", - деген Поулсен Трамптан келген айрым билдирүүлөрүдүн "чындыгында капалантуучу" экендигин кошумчалады.

Гренландиянын тышкы иштер министри Вивиан Моцфельдт союздаштардын ортосундагы "өз ара коргонууга багытталган" кызматташтык жана өнүгүү аркылуу "бардык эшиктер ачык болууну улантарын" кайталап, өз коргонуусунун "АКШнын коргонуусу менен тыгыз байланышта" экенин билдирди.

Моцфельдт: "Биз, гренландиялыктар үчүн бул процесске катышуубуздун эң маанилүү аспектиси - гренландиялыктардын атынан сүйлөө жана ошол эле учурда алардын кызыкчылыктарына жооп берген жакшы чечимдерди чыгарууга салым кошуу. Биз бул ишти жакшы жүргүздүк", - деди.

Дания королдугуна караштуу автономдуу аймак болгон Гренландия стратегиялык абалы, кенен минералдык ресурстары жана Россия менен Кытайдын аймакта активдүүлүгүнүн өсүшүнө байланыштуу тынчсызданууларынан улам АКШнын көңүлүн бурууда.

Дональд Трамп АКШнын улуттук коопсуздук максатында Гренландияны сатып алышы керек экенин жана Россиянын же Кытайдын аймакты көзөмөлдөөсүнө жол бербөөнүн шарт экендигин бир нече жолу билдирген. Трамп ошондой эле бул кадамга каршы болгон союздаштарына тарифтерди киргизүү менен коркуткан.

Дания да, Гренландия да аралды сатуу боюнча бардык мүмкүн болгон сунуштарды четке кагып, арал боюнча Даниянын эгемендүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташты.

Иликте
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү