ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Индия жүздөгөн фермерлерди камап, нааразылык лагерлерин талкалады
Пенжаб полициясы бир жылдан бери түшүмдүн баасын көтөрүүнү талап кылган дыйкандарды кууп чыгып, лагерлерин бульдозер менен талкалап, жүздөгөн адамдарды камакка алды.
Индия жүздөгөн фермерлерди камап, нааразылык лагерлерин талкалады
Индия жүздөгөн фермерлерди камап, нааразылык лагерлерин талкалады / Reuters
 

Индиянын түндүгүндөгү Пенжаб штатынын полициясы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн баасына мамлекет тарабынан субсидия берүүнү талап кылган фермерлердин нааразылык лагерлерин бульдозер менен талкалап, аларды чек ара аймагынан күч менен чыгарып салды. Дыйкандар өткөн жылдын февраль айынан бери кошуна Харьяна штаты менен чек арага жайгашып, Нью-Делиге барууга аракет кылышкан, бирок коопсуздук күчтөрү тарабынан токтотулган.

"Бизге эч кандай күч колдонуунун кереги жок болчу, анткени алар каршылык көрсөткөн жок" деди полициянын жогорку даражалуу кызматкери Нанак Сингх, фермерлер өзүнөн-өзү автобустарга отуруп, шаршемби күнү кечинде болгон көчүрүү операциясын аткарышкан. Полиция дыйкандарга көчүрүү боюнча алдын ала эскертүү берилгенин кошумчалады.

Телеканалдарда полиция топтору бульдозерлор менен чатырларды жана сахналарды талкалап жатканын, ал эми дыйкандар буюмдары менен унааларга жүктөлүп жатканын көрүүгө болот. ММКлар кармалгандардын арасында фермерлердин лидерлери Сарван Сингх Пандхер жана бир нече айдан бери ачкачылык жарыялап жаткан Жагжит Сингх Даллевал да бар экенин кабарлашты.

 «Кармоолор диалогго тоскоол болууда»

 Пенжаб штатында бийликте турган Аам Аадми партиясы (ААП) дыйкандардын талаптарын колдой тургандыгын, бирок алар өздөрүнүн даттанууларын борбордук өкмөткө жеткирүүгө тийиш экендигин билдирди.

«Келгиле, Пенжабдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бирге иштейли" деди штаттын башкы министринин орун басары Тарунпрет Сингх Сонд, негизги жолдордун жабылышы штаттын экономикасына зыян келтирип жатканын баса белгиледи. «Магистральдарды жабуу чечим эмес».

Премьер-министр Нарендра Модинин өкмөтү 2021-жылы фермерлердин бир нече айга созулган нааразылык акцияларынан кийин айрым чарба мыйзамдарын жокко чыгарууга аргасыз болгон.

Шаршемби күнү фермерлердин лидерлери менен борбордук өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушкан Модинин Бхаратия Жаната партиясынын (BJP) Пенжаб вице-президенти Фатехжунг Сингх Бажва: «Бул камакка алуулар фермерлер менен BJP жетекчилигинин ортосундагы диалогду токтотуу үчүн атайын жасалган аракет»,-деди.

Иликте
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды