ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Супер тайфун "Рагаса" жакындагандыктан, Кытай мектептерди жана ишканаларды жабуу буйругун берди
"Рагаса" учурда Түштүк Кытай деңизинде бара жатат, буга чейин Филиппиндин айрым аймактарын каптап, бороондон бир адам каза болгон.
Супер тайфун "Рагаса" жакындагандыктан, Кытай мектептерди жана ишканаларды жабуу буйругун берди
/ AP

Кытай супер тайфун “Рагасанын” өлкөнүн түштүгүнө жакындашуунан улам кеминде он шаарда мектептер менен ишканаларды жабуу буйругун берди.

Бул чаралар он миллиондогон адамга таасир этет жана Кытайдын өндүрүштүк аймактарындагы миңдеген завод - фабриканын ишин үзгүлтүккө учуратат.

Провинциянын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу бюросу шейшемби күнү эртең менен жарыяланган билдирүүдө “Рагаса” тайфунунун Гуандун провинциясынын борбордук жана батыш жээк аймактарына 24 сааттын ичинде жетери күтүлүп жаткандыгын билдирди

“Негизги аймактар чечкиндүү чараларды көрүшү керек... адамдардын өмүрү жана мүлкүнүн коопсуздугун толук камсыз кылуу жана апааттан улам боло турган жоготуулар мүмкүн болушунча азайтылышы керек”, – деп айтылды билдирүүдө.

“Рагаса” жакындаган сайын Гуандун шамалдарга каршы эң жогорку деңгээлдеги өзгөчө кырдаал чараларын ишке киргизди. Гонконгдогу аба ырайы кызматынын маалыматы боюнча, тайфундун шамалынын ылдамдыгы саатына 230 чакырымга (140 миль) жетүүдө.

Технология борбору Шэньчжэнь шаары 400 000 адамды эвакуациялоону буйруду. Шаардын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу органдары “катуу шамал, жамгыр, толкун жана суу ташкындары” тууралуу эскертишти.

Билдирүүдө : "Өзгөчө кырдаалдарды куткаруу кызматкерлеринен жана элдин жашоосун камсыздагандардан башка, кокусунан сыртка чыкпагыла", - деп айтылып, түштөн кийин иш жана базарлардын жабылышы баштай турганы кошумчаланды.

Чоң шаарлардын арасында Чжухай, Дунгуан жана Фошан да чараларды ишке ашырууда.

“Катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр... шаарга олуттуу таасир таасирин тийгизет жана орчундуу коргонуу абалын түзөт”, – деп айтылат Фошан шаарынын өзгөчө кырдаалдар штабынын билдирүүсүндө.

“Рагаса” учурда Түштүк Кытай деңизинин түндүк жагында, ал буга чейин Филиппиндин айрым аймактарын каптап, бир адамдын өмүрүн алды.

Кытайдын мамлекеттик телеканалы CCTVнин маалыматы боюнча, суу жолунун түндүгүндө, Тайвань кысыгынын түштүк бөлүгү, Баши каналы жана Гуандундун жээк сууларында иш алып барган кемелердин “коопсуздукка көңүл бурушу керек экендигин” айтты.

Окумуштуулар жалпысынан адамдын иш - аракетинен улам климаттын өзгөрүшү дүйнөнү жылытып, бороондордун күчтүү жана тез - тез

Илимпоздор жалпысынан адамдын иш-аракетинен улам келип чыккан климаттык өзгөрүүлөр дүйнө жылып жаткан сайын бороондорду күчтүү жана тез-тез болуп жатат деген пикирде.

Иликте
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды
Түркияда сот ЖХП курултайын жокко чыгарып, Кылычдароглу партияны жетектөө үчүн кайтып келди
Эверест чокусуна бир күндө 274 альпинист чыгып рекорд койду
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 72 миң 775ке жетти
Президент Эрдоган: Түркия адамзатты "геноциддерге" каршы коргоону улантат