АКШнын Мамлекеттик департаменти Колумбиянын президенти Густаво Петронун визасы Нью-Йоркто "АКШ аскерлерин буйрукка баш ийбөө жана зомбулукка үндөө" менен жокко чыгарыларын билдирди.
Мамлекеттик департамент жума күнү X платформасынан берген билдирүүсүндө: "Петронун визасын жоопкерчиликсиз жана чагымчыл аракеттеринен улам визасын жокко чыгарабыз",- деди.
Департамент ошондой эле: "Бүгүн эртең менен Колумбиянын президенти Нью-Йорктун көчөлөрүнүн биринде туруп, америкалык аскерлерди буйруктарга баш ийбөөгө жана зордук-зомбулукка үндөдү",- деп билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы үчүн Нью-Йоркко барган Петро БУУнун башкы кеңсесинин алдына чогулган элге кайрылып: "АКШнын бардык аскерлерине кайрылам: Куралыңарды адамдарга кезебегиле. Трамптын буйругун аткарбагыла. Адамзаттын буйругун аткаргыла!",- деген.
Петронун кеңсеси жана Колумбиянын Тышкы иштер министрлиги комментарий берүү өтүнүчтөрүнө дароо жооп берген жок.
Петро шейшемби күнкү глобалдык жыйында сүйлөгөн сөзүндө Трампты сынга алып, АКШнын лидерин Газадагы "геноцидге шериктеш болуу" менен айыптады жана АКШнын Кариб деңизиндеги баңгизаттарды аткезчилик менен ташыган кемелерге жасаган ракеталык соккулары үчүн "жазалоо чараларын" талап кылды.
Петронун социалдык медиа аккаунту анын жума күнү Нью-Йорктогу палестиналыктарды колдогон демонстранттардын чогулушунда сүйлөгөн бир нече видеоклиптерин бөлүштү.
Петро X платформасындагы билдирүүсүндө: "Палестинага эркиндик. Газа куласа адамзат өлөт",- деди.
Газадагы согушка ачык каршы чыккан Колумбиянын лидери Израилге көмүр экспортун токтотту.
Апрель айында Колумбиянын президенти Густаво Петро эки өлкөнүн ортосунда миграция жана дипломатиялык саясаттан улам чыңалган кырдаалда АКШ анын визасын жокко чыгарышы мүмкүн деп билдирген.
Петро:"Мага визанын кереги жок болчу. Мен Дональд Дакты бир нече жолу көрдүм, эми башка нерсени көрөм",- деп кошумчалаган.
Петро АКШ визасын жокко чыгарган Колумбиянын экинчи президенти болот. 1996-жылы президент Эрнесто Сампердин визасы баңги аткезчилиги боюнча айыптоолордон улам Клинтон башкаруусу тарабынан жокко чыгарылган.




















