САЯСАТ
1 мүнөт окуу
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага «Patriot» ракеталык комплекстерин жөнөтүүнү бекитти
АКШнын президенти Трамп Украинага жөнөтүлө турган «Patriot» ракеталык системаларынын чыгымын Евробиримдик каржылай турганын, ал эми АКШ болсо жөнөтүүнү гана ишке ашыра турганын жарыялады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага «Patriot» ракеталык комплекстерин жөнөтүүнү бекитти
Трамп Украина Орусиянын аба чабуулдарынан коргонуу үчүн Patriot абадан коргонуу ракеталарына абдан муктаж экенин айтты. / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинге нааразычылыгын билдирип, Украинага Patriot абадан коргонуу ракеталарын жөнөтө тургандарын жарыялады.

Трамп жекшемби күнү Мэриленд штатындагы Эндрюс биргелешкен базасында журналисттерге: «Европа Биримдиги мунун баасын төлөп жатат. Биз эч нерсе төлөбөйбүз, бирок жөнөтөбүз. Бул биз үчүн соода болот жана биз аларга абдан керек болгон Патриот ракеталарын жөнөтөбүз»,-деди. Трамп жөнөтүлө турган Patriot ракеталык системаларынын санын тактаган жок.

АКШ лидери Орусиянын президенти Путиндин позициясын сындап: «Путин чындап эле көп адамдарды таң калтырды. Ал жакшы сүйлөйт, бирок кечинде баарын бомбалайт. Бирок бир кичинекей көйгөй бар: бул мага жакпайт»,-деди.

ТийиштүүTRT Global - Weapons will flow to Ukraine at 'record level': US senator

Трамп НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугаарын билдирди. Рютте дүйшөмбү күнү Вашингтонго эки күндүк сапарын баштап, анда мамлекеттик катчы Марко Рубио, коргоо министри Пит Хегсет жана Конгресстин мүчөлөрү менен жолугушат.

Дүйшөмбү күнү Орусияга каршы санкцияларды жарыялайбы деген суроого Трамп: «Эртең эмне болорун көрөбүз»,-деп жооп берди.

Сенаторлор Линдси Грэм жана Ричард Блументал 2025-жылдын 1-апрелинде Орусиядан мунай, газ, уран жана башка өнүмдөрдү сатып алган өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга 500% бажы төлөмүн киргизүүнү караган Орусияга санкциялар мыйзамын киргизишти. 

Трамп өткөн бейшембиде Орусия боюнча дүйшөмбү күнү «чоң билдирүү» жасай турганын айткан, бирок чоо-жайын айткан жок.

Иликте
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү