ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Шара учурда Израиль менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес экенин айтты
Сирия президенти Ахмед Шара өз өлкөсүнүн Израиль менен абалы Авраам келишимдерине кол койгон өлкөлөрдүкүнөн айырмаланганын, анткени Тель-Авив Голан дөңсөөлөрүн мыйзамсыз ээлеп алууну улантып жатканын билдирди.
Шара учурда Израиль менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес экенин айтты
Шара учурда Израиль менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес экенин айтты / Reuters
 

Сириянын президенти Шара учурда АКШнын президенти Дональд Трамптын Авраам келишимдерин кайра жандандыруу аракеттеринин алкагында Израиль менен мамилелерди нормалдаштыруу максатында түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартты.

Дүйшөмбү күнү Шара Израилдин Сириянын Голан дөңсөөлөрүн басып алуусуна ачык басым жасап, Дамаск туш болгон шарттар келишимдерге кол койгон башка өлкөлөрдүкүнөн айырмаланганын айтты.

Израиль болсо 2024-жылы Асаддын режими кулагандан кийин Голан дөңсөөлөрүн басып алуусун бир топ кеңейтти.

Fox News каналына берген маегинде Шара: "Менимче, Сириянын абалы Авраам келишимдерине кол койгон өлкөлөрдүкүнөн айырмаланат", - деди. "Сирия Израиль менен чектешет, ал эми Израиль Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылдан бери басып алып келет. Биз азыр түз сүйлөшүү жүргүзбөйбүз. Балким АКШ администрациясы жана президент Трамп бизге мындай сүйлөшүүлөргө жетүүгө жардам берет" деп кошумчалады.

Авраам келишимдери - Трамптын биринчи мөөнөтүндө кол коюлган, Израиль менен мусулмандар басымдуулук кылган бир нече өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууга багытталган АКШ тарабынан колдоого алынган келишимдер болуп саналат.

Трамп мурда Сирия жана Сауд Арабия да нормалдаштыруу макулдашууларына кошуларына үмүттүү экенин билдирген.

ДЕАШка каршы коалиция

Сириянын глобалдык анти-ДЕАШ коалициясына кошулуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого Шара АКШнын аскердик катышуусун өлкөсүндө сактоого себептер бар экенин, бирок "азыркы учурда муну Сирия өкмөтү менен координациялоо керек" деп кошумчалап, "Бул маселелерди талкуулашыбыз керек, ДЕАШ жөнүндө сүйлөшүп, макулдашууга жетишишибиз керек" деп билдирди.

Ал эми Сириянын маалымат министри Хамза аль-Мустафа Сирия ДЕАШты жеңүү боюнча глобалдык коалиция менен саясий кызматташтык жөнүндө декларацияга кол койгонун билдирип, X платформасында: "Келишим саясий мүнөзгө ээ жана азырынча эч кандай аскердик компонентти камтыбайт" деп кабарлады.

Иликте
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган: «Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз»
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлүшүнүн 43 жылдыгы менен куттуктады