ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Франция сотунун чечими Ле Пендин президенттик кыялын жок кылышы мүмкүн
Прокурорлор кеминде беш жыл эркинен ажыратуу, 324 000 доллар акчалай жаза жана беш жыл мамлекеттик кызматтардан чететүүнү талап кылды.
Франция сотунун чечими Ле Пендин президенттик кыялын  жок кылышы мүмкүн

Францияда ашынган оңчул лидер Марин Ле Пен Европа Парламентиндеги  жасалма иш чыр  - чатагы тууралуу доо боюнча дүйшөмбү күнү сот алдына чыгат. Чыга турган чечим анын  2027 -  жылы президентикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн жок кылат.

Үч жолу президенттик шайлоого катышкан Ле Пен 2027 -  жылы Франциянын президенти болуу мүмкүнчүлүгү жок болгондой эле мүмкүнчүлүгүнүн жогору экендигин да ойлоп жатат жана өзү тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

Бирок прокурорлор Улуттук Биримдиктин  жогорку мартабалуу жетекчилери да болгон соттук иште соттон Ле Пенге эркинен ажыратуу жана коомдук кызматтардан четтетүү жазасынын берилишин талап кылды.

Сот өтүнүчтү кабыл ала турган болсо анын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салуу чечими Жогорку сотко алып барылса да күчүнө кирет жана Ле Пен 2027-жылдагы шайлоого катыша албайт.

2024 -  жылдагы парламенттик шайлоодо  партиясы Улуттук Биримдиктин  парламентте эң чоң партия болуу менен бирге Ле Пен мигрант саясаттары жана кымбатчылык тууралуу коомдук тынчсызданууларды колдонуп, Елисей сарайына кирүүнү максат кылып жаткан.  

Өткөн жылы мезгилдин премьер  - министри Мишель Барньер өкмөтүн ишенимсиздик добушу аркылуу кулатып саясий күчүн бекемдеген Ле Пен соттолуу ыктымалы боло турган болсо ордуна Улуттук Биримдик  партиясынын (RN) лидери Жордан Барделла келиши мүмкүн. Бирок  29 жаштагы Барделланын президенттик шайлоо өнөктөштүгү үчүн жетерлик тажрайбасы барбы же жокпу бул партия ичинде да шектенүүлөрдү жаратууда.

Ле Пен 2011-жылы атасы Жан-Мари Ле Пен негиздеген жана ашынган оңчулдар менен таанылган Улуттук фронттун (УФ) жетекчилигине келгенде,  партияны саясий күчкө айландыруу жана атасынын мурасын жок кылуу үчүн реформаларды баштаган. Партия кийинчерээк Улуттук Биримдик (РН) деп аталган.

Партиясы да сот алдында турат

Ле Пен менен катар Улуттук Биримдик партиясы (RN) да сот алдында турат. Прокурорлор партияга каршы жалпысынан 4,6 миллион доллар өлчөмүндө айып пул төлөөнү талап кылып, мунун жарымына жакынын кечеңдетүүнү сунуш кылышты.

Сотто  Европа Парламентинин мурдагы тогуз  депутаты жана 12 депутаттын жардамчысы болуу менен жалпы  24 киши соттолууда.

Прокуратура Ле Пенге беш эркинен ажыратууну талап кылып, мунун үч жылынын кечеңдетилишин, калган эки жылын абакта эмес, электрондук кишен менен үй абагында өткөрүүнү сунуш кылды. Өзгөчө 300 000 евро (324 000 доллар) акчалай жаза жана беш жылдыгына мамлекеттик кызматтан алыстатууну талап кылды.

 

Иликте
АКШнын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорун кабыл алды
Зеленский Путинди Түркияны белгилеп, "бейтарап өлкөдө түз жолугушууга" чакырды
Делидеги өлүмгө алып келген өрттүн көмүскөдөгү баатырлары мусулмандар
ЕБ Арменияга 50 миллион евродон ашык колдоо берет
УКМ: Греция менен Түштүк Кипр грек администрациясынын куралдануу аракеттери тыкыр көзөмөлдөнүүдө
Газиантеп-Халеп саммити Түркия менен Сириянын ортосунда жаңы соода көпүрөсүн куруу максатын көздөйт
Стубб Европа Биримдигинин Түркия жана Канаданы кошкондо 40 мүчөгө чейин кеңейиши керектигин айтты
Министр Фидан түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушту
Зеленский: "Россия толук оккупация башталгандан бери кеминде 707 украиналык баланы өлтүрдү"
Түндүк Корея лидери ядролук материалдарды өндүрүү кубаттуулугу эки эседен ашык көбөйгөнүн жарыялады
Крымдагы чыңалуу: Украинанын дрон чабуулунан 4 киши каза болду
ФИФА Дүйнөлүк Кубок стадиондорунда кайра колдонулуучу суу бөтөлкөлөрүнө тыюу салды
Ок атышпоо келишимин бузуу улантылууда,Израилдин Газага жасаган чабуулдарында тогуз адам каза болду
Кель институту: "Европанын аскердик жардамы Украинада дрон өндүрүшүн тездетүүдө"
Чилиде үнөмдөө чараларына каршы студенттердин нааразылык акциялары зордук-зомбулукка айланды