ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ Судандагы согуштун күчөшүнө байланыштуу жардам жана жарандарды коргоого чакырды
Болжол менен 100 000 киши Ыкчам колдоо күчүнүн аймактын көзөмөлгө алынышынан бери Аль Фашир жана айланадагы айылдардан жер которду.
БУУ Судандагы согуштун күчөшүнө байланыштуу жардам жана жарандарды коргоого чакырды
Түндүк Дарфурдагы Эль-Фашерден жана анын айланасындагы айылдардан жер которгон адамдардын саны 99 000ден ашты. / Reuters

БУУнун гуманитардык маселелер боюнча башкы катчысынын орун басары Том Флетчер Судандагы согушту "жапайы жана адамгерчиликсиз" деп мүнөздөдү; бардык тараптарды өмүрду сактаган жардамдардын муктаждарга жетишине уруксат берүүгө жана жарандар менен гуманитардык жардам кызматкерлерин коргоого чакырды.

Бейшемби күнү БУУнун web сайтынан билдиргенине караганда билдирүү Флетчердин Судандын батышындагы Дарфур аймагында изилдөө учурунда жасалды.

Флетчер шейшемби күнү бир жумалык сапар менен Порт Суданга барды. Флетчер Дарфур сапарын улантууда; ал мурунку түнү Батыш Дарфур штатынын борбору Генейнада болгон. Андан кийин Борбордук Дарфурдун борбору Залингейге барып, андан соң Чыгыш Дарфурга карай жолго чыккан.

Флетчер: "Биз чоң жолго чыктык. Азыр Залингенге жакын жолдо бара жатабыз", - деди. "Кечээ кечинде биз Батыш Дарфурдагы Генейна шаарындагы Норвегиянын Качкындар Кеңешиндеги досторубуз менен болдук, азыр болсо Дарфурдун ичине, бул чыр-чатактын чордонуна карай жылабыз; ал жерде биз массалык өлүм жазаларын, массалык жер которууларды, массалык зордуктоолорду жана ачарчылыкты көрдүк”,- деп кошумчалады.

«Судандын чыгышындагы Порт-Суданда бир күн өткөрдүм, ал жердеги жетекчилер жана генерал Бурхан жана башкалар менен жолугуштум».

Кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сұйлөшүүлөр

Флетчер Ыкчам колдоо күчтөрү менен да сүйлөшкөнүн, алардан гуманитардык иш жүргүзүү үчүн керек болгон бардык аймактарга толук кирүүгө, ошондой эле гуманитардык кызматкерлерди жана жайкын тургундарды коргоого кепилдик берүүнү суранганын айтты.

БУУ портто туруу үчүн курулган кеме эмес. Биз бул жердеги адамдар үчүн кызмат кылышыбыз керек жана бул кургактык жол мене чыккан сапары менен мен муну жасай турганыбызды жана жардам жеткире турганыбызды көрсөткүм келет", - деди.

2023 - жыл апрель айында башталган армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы кандуу согуштан улам Судандагы кыйынчылыктар начарлоону улантууда. Зомбулук оң миңдеген кишинин жанын алды жана 13 миллионго жакын адам жер которду.

26-октябрда Ыкчам колдоо күчтөрү Түндүк Дарфурдун борбор шаары Эль-Фашерди колго алды жана ал жерде кыргын кылуу менен айыпталууда. Бул топ Судандын 18 штатынан беш Дарфур аймагынын баарын көзөмөлгө алып, армия Хартум менен бирге 13 штатты кармап турат.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, Түндүк Дарфурдагы Эль-Фашер жана анын тегерегиндеги айылдардан жер которгон адамдардын саны 99 миңден ашты.

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция