САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Түндүк Корея Орусияга 50 миң аскер жөнөтүүдө
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиядагы Түндүк Корея аскерлеринин болушу боюнча жаңы билдирүүлөрдү жасады. Зеленский Орусияда жайгаштырылган Түндүк Корея аскерлеринин саны 50 миңге жетиши мүмкүн экенин билдирди.
Түндүк Корея Орусияга 50 миң аскер жөнөтүүдө
Орусия жана Түндүк Кореянын желектери

Украинанын лидери абадан коргонуу системаларынын жоктугуна көңүл буруп, Түштүк Кореядан колдоо сурады.

Зеленский Түндүк Корея заманбап согушта тажрыйба топтогонун жана Орусиядан аскердик технологияларды алаарын билдирди. 

Украиналык аскердик чалгындоо кызматкерлери Түндүк Кореянын ракеталык бөлүгү Орусиянын батышына жыла баштаганын билдиришти.

Бул бөлүк 120 баллистикалык ракета жана 6 учуруучу аппарат менен жабдылышы мүмкүн экени белгиленди.

Түндүк Корея мурда Курск аймагына болжол менен 14 000 аскер жөнөтүп, миңдеген адамдар жоготууга учураганы кабарланган.

Андан тышкары, Пхеньян режими Орусияга миллиондогон ок-дарыларды, баллистикалык ракеталарды жана ракета учуруучу системаларды бергени айтылган.

Коңшу өлкөлөрдө дрондор кулап түштү

Ошол эле учурда, Украинага таандык деп эсептелген учкучсуз учуучу аппараттын Болгариянын аба мейкиндигине киргенден кийин жарылгандыгы тууалуу София өкмөтү Украинанын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакыртты.

Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү окуя боюнча байланышта боло турганы жана эч кандай жоготуулар болбогону жарыяланды. Молдованын Крочмаз айылынын жанында да аскердик дрондун калдыктары табылган.

Улуу Британия абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга чакырды

Улуу Британиянын коргоо министри Уэс Стритинг союздаш өлкөлөрдү кыш мезгилине чейин Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга чакырды. 

Сыйынуу алдындагы сөзүндө Рим Папасы Лео Украинада жана Орусияда жайкын тургундардын өмүрү кыйылганына кайгырып, эки тарапты тең жайкын тургундардын буталарына кол салууну токтотууга чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, согушта ушул убакка чейин 16 000ден ашык жайкын тургундар каза болгон.

Иликте
Рэтклифф «Трамп, Путин жана Зеленскийдин ортосунда үч тараптуу жолугушууну сунуштаган» деп айтылууда
Си, Путин, Моди жана башка Евразия лидерлери Кыргызстанда ШКУнун мааракелик саммитине катышат
Израиль Ливандын түштүгүнө абадан жаңы соккуларын жүргүздү
Нетаньяху эл аралык кысымга карабастан, Батыш Шериада мыйзамсыз конуштарды кеңейтмекчи
CIA директорунун Москвага алдын ала эскертилбестен сапар жасаганы тууралуу билдирүү
YPG террордук уюму таркатылганын жарыялаган билдирүү жарыялады
Армения парламенти Баку жана Анкара менен нормалдаштырууну камтыган 5 жылдык программасын бекитти
Сирия президенти Шара өлкөсүнүн кайра куруу жана калыбына келтирүү процессине киришкенин билдирди
Ирактан Иран жана Сауд Арабиясына "биргелешкен коопсуздук координациялык кеңеш" түзүү сунушу
Зеленский согуш учурундагы шайлоолорду четке кагып, бөлүнүү коркунучу бар экенин эскертти
Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 420га жетти
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө