ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия БУУга Газанын глобалдык геноциддердин алдын алууга карата "эскертүүчү" экенин билдирди
Анкаранын өкүлү эл аралык коомчулукту Газадагы "олуттуу бузуулар" үчүн жоопкерчиликке тартууга чакырып, оор мыкаачылыктардын дагы деле уланып жатканын баса белгиледи.
Түркия БУУга Газанын глобалдык геноциддердин алдын алууга карата "эскертүүчү" экенин билдирди
Түркия БУУга Газанын глобалдык геноциддердин алдын алууга карата "эскертүүчү" экенин билдирди. / AA
 

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы кеңешчиси Гүлшах Жумуржу Кадер эл аралык коомчулук “геноцидге барабар оор мыкаачылыктарга” күбө болуп жатканын айтып, Газадагы абал мындай оор эл аралык кылмыштардын кайталанышынын алдын алуу зарылдыгын эскертип турганын билдирди.

Кадер: "Экинчи Дүйнөлүк согуштан жана Холокосттон кийин берилген "кайра эч качан" деген убада жалпы абийирде сакталып калганына карабастан эл аралык коомчулук бүгүн да геноцидге барабар мыкаачылыктарга күбө болууда", - деди.

Кадер бул сөздөрдү Геноцид кылмышынын курмандыктарын эскерүү жана кадыр-барктын эл аралык күнүнүн 10 жылдыгына карата БУУнун Башкы Ассамблеясында өткөн сессияда айтты.

Газанын "эскертүүчү жана ойготуучу" экенин айткан Кадер "өтмүштүн кайгылуу сабактары бүгүнкү күндүн аракеттерине жол көрсөтүшү керек" деп маалымдады.

Эл аралык укук негизги принцип болушу керектигин билдирген Кадер, тар юридикалык термин катары аныкталган "геноцид" сөзү да ички саясий максаттарда эл аралык укукка жана компетенттүү соттордун чечимдерине карама-каршы келген жолдор менен колдонулбашы керектигин баса белгиледи.

Түркиянын өкүлү мамлекеттерди бул терминди саясий максаттарда колдонуудан алыс болууга чакырды жана дүйнөдө "расизм, ксенофобия, исламофобия, басмырлоо жана башкаларга карата жөнөкөй чыдамсыздык" сыяктуу күчөп жаткан тенденциялар жөнүндө эскертти.

"Газада күбө болгондой, эл аралык укукту одоно бузуулар үчүн жазасыздык болбошу керек", - деген Кадер жоопкерчилик мындай кырдаалдардын алдын алууда маанилүү ролду ойной турганын кошумчалады.

Кадер ошондой эле "эрте эскертүү сигналдарынын" маанисине көңүл буруп, БУУ системасындагы күчтүү координация "кайра эч качан" деген убаданы аткаруу үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Иликте
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты