ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Нобель институту: Венесуэлалык Мария Корина Мачадо Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине катышкан жок
Август айынан бери жашырынып жүргөн оппозиция лидери өкмөттүн өлкөдөн чыгары менен качкын деп эсептеле тургандыгы тууралуу эскертүүсүнөн улам Ослого барган жок.
Нобель институту: Венесуэлалык Мария Корина Мачадо Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине катышкан жок
Башкы прокурор Тарек Уильям Сааб өткөн айда Мачадо Норвегияга барса, "качкын" деп тааныларын билдирген. / AP
 

Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо шаршемби күнү Ослодогу Нобель Тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземине катышкан жок. Нобель институту Каракастан келген коркутууларга карабастан, Мачадонун сапарга чыгып же чыкпай тургандыгына байланыштуу белгисиздикке чекит койду.

Нобель институтунун өкүлү Эрик Аасхейм Осло шаардык мэриясындагы иш-чаранын алдында AFPге берген маегинде: "Ал аземге келбейт", - деди. 58 жаштагы Мачадо 2024-жылдын августунан бери жашырынып жүрөт жана Венесуэланын бийликтеринин эскертүүлөрүнө карабастан, саякат пландарын жашыруун сактап келет.

Норвегияга барууга тыюу салынды

Венесуэланын башкы прокурору Тарек Уильям Сааб өткөн айда Мачадон Норвегияга бара турган болсо "качкын" болуп эсептелерин айткан.

Мачадо талапкер болуусу тоскоолдукка учуратылган 2024 - жыл июль айындагы шайлоонун президент Николас Мадуро тарабынан уурдалгандыгын айтты.

Оппозиция лидери Венесуэлада жүргөндө, апасы, үч эжеси жана кызы да болгон нече тууганы сыйлык тапшыруу аземи үчүн Ослого барышкан.

Ослодогу азем АКШнын акыркы жумаларда Кариб деңизине көп сандаган аскерлерин жайгаштырышы жана Вашингтон банги зат аткезчилигин жасаганын айткан кемелерге кандуу кол салуусун жасаган учурга туш келди.

Мачадо Нобель сыйлыгын арнаган АКШнын президенти Дональд Трамп менен бир тарапта болгону үчүн айрымдар тарабынан сынга алынган.

Мадуро тынымсыз түрдө Мачадо туура деп атаган АКШнын операцияларынын чыныгы максаты өкмөттү кулатуу жана Венесуэланын мунай запастарын басып алуу экенин ырастоодо.

.

Иликте
Бенгази портундагы дрондук чабуулда жаракат алган эки ливиялык жоокер каза болду
Түркиянын биринчи калкыма күн электр станциясы 2027-жылы электр энергиясын өндүрө баштайт
Украина: "Орусиянын Запорожьеге кол салуусунан 2 жаран каза болуп, 41 адам жаракат алды"
Изилдөө: "Германияда көпчүлүк Украинага аскердик жардамга каршы"
Рютте: «Түркия түштүк канатта да, Азия менен болгон мамилелерде да маанилүү рол ойнойт»
Президент Эрдоган Кабинет жыйынынан кийин улутка кайрылды
Египетте Наполеондун 228 жыл мурун чөгүп кеткен флотуна таандык тарыхый артефакттар көрсөтүлүүдө
2025-жылы Газадагы өлүмдөрдүн саны 2022-жылдагыга караганда төрт эседен дагы көп
АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Клейтон: Системаларда дагы көп үзгүлтүктөр болот
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Фидан: «АКШ өзүнүн глобалдык стратегиясын кайра карап чыгууда»