ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Рубио Газада башкаруу планын билдирди кезекте эл аралык күч планы бар
АКШнын мамлекеттик катчысы Газаны эл аралык кеңеш жана палестиналык технократтардын башкарарын айтты бирок ХАМАСты куралсыздандыруу боюнча суроолор ачык бойдон калууда.
Рубио Газада башкаруу планын билдирди кезекте эл аралык күч планы бар
Рубио Газадагы өткөөл планы коопсуздук кооптонууларына карабастан алга жылып жатканын билдирди. / Reuters

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Газада жакында жаңы башкаруу органдары түзүлөрүн андан кийин эл аралык күчтөрдүн жайгаштырыларын айтып, Вашингтондун аймактагы морт ок атышпоону турукташтырууга аракет кылып жатканын билдирди.

Рубио жыл аягындагы персс - жыйынында Газада учурдагы абалдын туруктуу эмес экенин айтты жана октябрь айында президент Дональд Трамп администрациясы ортомчулук кылган ок атышууну токтотуудан бери Израилдин чабуулдарын улантып жатканын белгиледи.

Рубио эл аралык башкаруу органын жана Палестинанын технократиялык бийлигин түзүү планына, андан кийин аймакта турукташтыруу күчтөрүн жайгаштыруу планына токтолуп: "Ошондуктан биз биринчи этапты аяктоого шашылышыбыз керек",-деди.

Рубио технократиялык түзүмгө катыша турган палестиналыктарды аныктоодо ийгиликтерге жетишилгенин жана Вашингтондун мөөнөт бербестен, башкаруу түзүмүн "жакында" түзүүнү көздөгөнүн билдирди.

Рубио ушул аптада АКШнын Борбордук командирлигинин Дохада биргелешкен өлкөлөр менен Эл аралык туруктуулук күчтөрүн пландаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин сөз сүйлөп ХАМАСты кантип куралсыздандыруу тууралуу маанилүү суроолорго жооп берилбей калганын моюнга алды.

Кагылышуу тууралуу тынчсыздануулар

Аскер бөлүктөрүн жөнөтүүнү караштырып жаткан өлкөлөр өз күчтөрүнүн кагылышууларга киришинен тынчсызданышууда.

Рубио Вашингтондун потенциалдуу салым кошкондорго бийлик жана каржылоо маселеси боюнча дагы эле түшүндүрмө бериши керектигин айтты.

"Биз алардан акыркы милдеттенмелерди талап кылуудан мурун дагы бир нече жооп беришибиз керек деп ойлойм," - деген Рубио өзгөчө Пакистан да болгон бардык тараптар кабыл ала турган бир нече өлкөнүн бул маселеге кызыгып жатканын сөздөрүнө кошумчалады.

Рубио белгилегендей, коопсуздукту жана башкарууну орнотуу Газаны калыбына келтирүүгө эл аралык каражаттарды тартуу үчүн маанилүү.

“Согушту кайрадан баштай турган болсок кайрадан жок кылына турган нерселерди куруу үчүн ким миллиарддаган долларды бере алат? Кимдин жооптуу экенин жана узак мөөнөттө туруктуулуктун түзүлөрүн билгиси келет”,- деди Рубио.

«

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция