Анкараны "Элечек" кийген айымдар көрккө бөлөштү
ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
2 мүнөт окуу
Анкараны "Элечек" кийген айымдар көрккө бөлөштү2026-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору болгон Анкарадагы эл аралык маданият жана искусство жолугушуусу: Алтынкөй түрк дүйнөсүн кабыл алат
Анкарада улуттук "Элечек" баш кийимин таанытуу

Анкаранын «2026-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору» деп жарыяланышын белгилөө максатында Алтындаг муниципалитети менен Маданият жана тирүү мурастар бирикмесинин (KÜYAM) кызматташтыгы менен өткөрүлгөн «Түрк дүйнөсүнүн маданият жана искусство жолугушуусу» 2026-жылдын 24-сентябрынан 4-октябрына чейин Алтындаг муниципалитетинин Алтынкөй ачык асман алдындагы музейинде өтүп жатат. Бул көркөм иш-чара Түркиянын бардык аймактарынан келген салттуу кол өнөрчүлүк чеберлерин жана түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан келген искусство чеберлерин чогултуп, түрк дүйнөсүнүн жалпы материалдык эмес маданий мурасын Анкара элине таанытат.

Иш-чаранын ачылышына Алтындаг муниципалитетинин башчысы Вейсел Тиряки, Маданият жана тирүү мурастар бирикмесинин (KÜYAM) жетекчиси Сыдды Зубейде Атан Бүлбүл менен катар эл өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, журналисттер жана калың эл катышты.

Эл аралык делегациялар жана ардактуу коноктор

Эл аралык деңгээлде кеңири катышууну камтыган иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Хунарманд биримдигинин жетекчиси Расулжон Мирзаахмедов мырза жана анын делегациясы ардактуу конок катары катышып, сыймыктанып жатышты. Түрк дүйнөсүнүн кол өнөрчүлүгү жана маданий дипломатиясы үчүн чоң мааниге ээ болгон бул иш-чара жалпы мурасты жана кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошот.

Салттуу «Элечек» баш кийимдери жана түрк дүйнөсүнүн мода көргөзмөсү

Фестивалдын эң таасирдүү презентацияларынын бири катары, кыргызстандык чебер Асел Калканова Анкара элине түрк дүйнөсүнүн салттуу кийимдерин жана салттуу "ЭЛЕЧЕК" баш кийимдерин тартуулап, аны кыргызстандык «Рух» музыкалык топтун жандуу концерти коштоп жатат. Кыргыз аялдарынын баш кийимдеринин салттарын көрсөткөн бул атайын мода көргөзмөсү конокторго визуалдык жана угуу аркылуу маданий майрам тартуулады.

«Аталар изи» коомдук фонду 2016-жылы түптөлүп, 2020-жылдан баштап кыргыз айымдарынын улуттук баш кийимдерин таанытуу боюнча активдүү иш-алып барып келет. Түрк дүйнөсүнүн ичинде Кыргыз айымдарынын улуттук баш кийими дегенде эң биринчи «Элечек» эске түшөт. Анткени кыргыздар илгери көчүп конуп жашап жүргөндө көчтүн башында элечек кийген энелер турган. Кыргыз айымдарынын ээлеген ордун анын улуттук кийиминен, өзгөчө баш кийиминен билүүгө болот. Мисалга алсак; турмушка чыга элек кыздар беш көкүл чачын өрүп, тебетей же такыя кийип жүрүшкөн. Ал эми турмушка чыккан айымдар элечек ороно башташкан жана анын элечегин карап туруп, анын канча баласы болгонун, кандай даражага жеткенин биле алышкан. Ошого жараша сый урматын көрсөтүшкөн.

Кыргыз айымдарынын баш кийимдерин, өзгөчө элечек боюнча өзүнүн изилдөөлөрүн жүргүзгөн Асел Калканова айым, Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө чейин, Памирдеги кыргыздардан Түркияга көчүп келген кыргыздарга чейин кеңири маалымат чогултту. Ал ошол маалыматтардын негизинде элечектин коллекциясын чогултуп, өзүнүн тобун түзүү менен ар түрдүү улуттук жана эл аралык иш-чараларда таанытып келет.

Иликте
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты
Дүйнө үч жылдан бери тарыхтагы эң чоң кыргынга күбө болууда
Түркия Газага ар дайым колдоо көрсөтүп келди
Испанияда нааразычылык акцияларынан кийин чукул чаралар бекитилди
Президент Эрдоган көптөгөн жылдардан бери Газанын эң күчтүү үнү болуп келе жатат
Вэнс Ирандын байытуу ишмердүүлүгүн кыскартуу согушту токтотуу үчүн зарыл экендигин белгиледи
ДССУ Россияны чумадан каза болгондордун саны боюнча ачык-айкын болууга чакырды
Зеленский: Москва Украинага каршы "кеңири масштабдуу чабуулга" даярданууда
Канаданын премьер-министри Марк Карни Түркияга биринчи сапарын жасайт
Түштүк Кореянын санкцияларга карабастан Россияга 176 миң тонна күйүүчү май ташыганы айтылууда
Президент Эрдоган Стамбулдун оккупациядан бошотулушунун 103 жылдыгы менен куттуктады