Сереп салуу
ТҮРКИЯ
7 мүнөт окуу
Президент Эрдоган: Аймактын маселелерин аймактын өз актерлору чечиши керек
Президент Режеп Таййип Эрдоган Лондондо жайгашкан "Шаркул Авсат" гезитине берген интервьюсунда: "Биз ар дайым аймактык маселелерди аймактагы өлкөлөр өз мойнуна алып чечүүсүн жактап келдик. Биздин негизги мамилебиз ар дайым ушундай болгон".
Президент Эрдоган: Аймактын маселелерин аймактын өз актерлору чечиши керек
Президент Режеп Тайып Эрдоган

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Лондондо жайгашкан «Шарк уль-Авсат» гезитинин башкы редактору Гассан Шарбелге берген маеги англис жана араб тилдеринде жарыяланды.

Президент Эрдоган үч тараптуу Мекке келишими идеясы кандайча ортого чыкты жана бул келишимге алып келген процесске кандай окуялар таасир эткени тууралуу суроого төмөнкүчө жооп берди: «Мекке бирдиктүү коргонуу келишими идеясы аймагыбызда болуп жаткан окуялардын алкагында пайда болгон жаңы шарттардын жана бирдиктүү жоопкерчилик түшүнүгүнүн натыйжасы.

Биз ар дайым аймактын маселелерин ушул эле аймактын өлкөлөрү колго алып, чечүүсүн жактап келгенбиз. Биздин негизги позициябыз дайыма ушундай болчу. Аймактын маселесин аймактын өз акторлору чечиши керек эле, бул боюнча биринчи кадамды жасадык десек болот.

Акыркы мезгилдерде болгон окуялар боордош жана дос өлкөлөрдүн ортосундагы тилектештик канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Түркия катары биз пикир келишпестиктердин ырбап кетишин эмес, диалог жана консультация каналдарынын чыңдалышын жактадык. Анткени биз туруктуу тынчтыктын чыр-чатактардын токтошу менен эмес, өз ара ишеним, саясий эрк жана бирдиктүү келечек көз карашы аркылуу түзүлүшү мүмкүн экенин жакшы билебиз.

Мекке бирдиктүү коргонуу келишими да дал ушул түшүнүктүн жыйынтыгы.

Бул үч өлкөнүн биригишинен тышкары, биз бул жерде аймагыбыздын туруктуулугу жана бир тууган элдерибиздин тынчтыгы жагынан тарыхый жоопкерчиликти алдык.

Ошондой эле, бул келишим аймагыбызда тынчтыкты жана туруктуулукту каалаган бардык боордош өлкөлөр үчүн ачык экенин өзгөчө белгилеп кетким келет.

Түркия катары биз мурдагыдай эле тынчтыкты, туруктуулукту жана бир туугандыкты жактап келе жатабыз.

Биз Мекке биргелешкен коргонуу келишимин ушл эрктин конкреттүү көрүнүшү катары көрөбүз жана кол койгон өлкөлөрдүн санын көбөйтүүдөн тартынбайбыз.

Буюрса, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Түркия катары биз аймагыбызда кызматташуунун жана тилектештиктин жаңы мезгилдин эшигин ачтык.

Биз бул эшикти ачык кармап, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө салым кошууга эрки жеткен өлкөлөрбүз".

"Биздин көз карашыбыз - бир күнү аймактагы бардык өлкөлөрдү ушул кол чатырдын астында бириктирүү"

Келишимдин АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууга байланышы бар-жогу тууралуу экинчи суроого Президент Эрдоган төмөнкүчө жооп берди: «АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу аймактагы окуялардын өнүгүшү жагынан, албетте, маанилүү.

Бирок Мекке бирдиктүү коргонуу келишимине ушул чыңалуудан улам гана пайда болгон убактылуу кырдаал катары кароо — өлкөлөрүбүздүн саясатын жана ниетин туура эмес түшүнүү болуп саналат.

БУУнун Уставынын 51-беренесинде аныкталган коргонуу укугун да ырастаган бул келишим бир да өлкөгө каршы багытталган эмес. Тескерисинче, аймагыбыздын тынчтыгын, бакубатчылыгын жана туруктуулугун көздөгөн бардык боордош өлкөлөрдүн катышуусу үчүн ачык.

Анткени биздин көз карашыбыз үч өлкө менен гана чектелип калбастан, мындан ары кеңейүү жана мүмкүн болсо, качандыр бир күнү аймактагы бардык өлкөлөрдүн ушул чатырдын астына чогулуусун камсыз кылуу болуп саналат. Бул — аймакка туруктуу тынчтыкты алып келе турган эң маанилүү кадам болот.

Бүгүн таштаган кадамдарыбыздын тарыхы бар экени шексиз. Бул келишим көптөн бери биз бирге кол койгон өнөктөштөр жана аймактагы башка өлкөлөр менен болгон сүйлөшүүлөрүбүздө каралып келген темалардын бири.

Аймагыбызда тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо үчүн тиешелүү өлкөлөр үзгүлтүксүз кеңешмелердиөткөрүп турушу керектигин көптөн бери айтып келебиз жана ошого жараша иш алып баруудабыз.

Себеби аймактын маселелерин чечүүдө тыштан таңууланган жолдор кандай апааттарга алып келерин билебиз.

Ошондуктан Түркия катары ар дайым аймак өлкөлөрүнүн өз эркин жана бирдиктүү акыл-эсин чечүүчү күчкө айландыруу багытында саясат жүргүзүп жатабыз.

Демек, Меккеде түзүлгөн үч тараптуу механизмди учурдагы окуяларга берилген кайра жөнгө салуучу реакция катары кароого болбойт.

Биздин кадамыбыз — өзгөрүп жаткан аймактык шарттарга жооп катары ортого коюлган стратегикалык эрк.

Түркия катары биз ар дайым чыңалуунун эмес — дипломатиянын, тирешүүнүн эмес — диалогдун, жиктелүүнүн эмес — аймактык кызматташтыктын чыңдалышын жактап келгенбиз.

Бардык тараптар менен сүйлөшө алган жана зарыл болгон учурда татаал маселелерде жоопкерчиликти моюнга алган өлкө катары, аймагыбызда туруктуу тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу үчүн өзүбүзгө жүктөлгөн милдетти аткарууну уланта беребиз».

“Бул келишим менен эч бир өлкө бутага алынган жок”

Келишим коргонуу мүнөзүнө ээ болуу менен бир тарапка каршы жасалган кол салуу үч тарапка тең жасалган кол салуу катары каралат деген пункт тууралуу берилген суроого президент Эрдоган төмөнкүчө жооп берди: «Ооба, Мекке бирдиктүү коргонуу келишими аталышынан эле көрүнүп тургандай, бирдиктүү коргонуу мамилесине негизделет.

Ыйык Мекке шаарында боордош өлкөлөр катары ушундай келишимге кол койгонубуздун өзгөчө мааниси бар жана буга абдан кубанычтабыз.

Мекке бирдиктүү коргонуу келишими, эң оболу, жамааттык токтотуучу күчтү негиз кылып алган макулдашуу болуп саналат. Бул биздин коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыгыбызды алдыга жылдырып, коргонуу өнөр жайында бирдиктүү долбоорлорду өнүктүрө турган жана терроризмге каршы күрөштө бизге күч бере турган келишим.

Бул келишим менен биз эч бир өлкөнү бутага албайбыз; максат бир гана аймактык тынчтык, туруктуулук жана элдерибиздин жыргалчылыгы.

Келишимдин беренелеринде ачык айтылгандай, бул жердеги маанилүү жагдай, тараптардын биринин коопсуздугуна коркунуч башка тараптар тарабынан жалпы коопсуздук маселеси катары каралат.

Бирок, муну бир гана аскердик жобо катары кароого болбойт. Келишимдин негизги максаты - коргонууну күчөтүү жана тараптардын өз ара коопсуздугун камсыз кылуу.

Түркиянын акыркы жылдардагы коргонуу жана коопсуздук тармагындагы жетишкендиктери баары тарабынан жогору бааланууда.

Муну менен бирге, биз боордош жана дос өлкөлөр менен кызматташып, келишимдерге кол коюу менен аймактын тынчтыгын жана туруктуулугун бекемдеп жатабыз.

Ошол эле учурда, бул альянска кол койгон өлкөлөр катары, биз бири-бирибизге коркунуч келтирбей турганыбызды, тескерисинче, бири-бирибиздин коопсуздугубузду кепилдөөгө милдеттенгенибизди жана ичкериде бири-бирибиз менен тилектеш экенибизди билдирип жатабыз.

Мекке биргелешкен коргонуу келишиминин билдирүүсү абдан ачык: бирибиздин коопсуздугубуз - баарыбыздын коопсуздугубуз. Эгерде биз бул түшүнүктү аймагыбызда инклюзивдүү мамиле менен ишке ашырсак, баарыбызга пайда алып келе турган узак мөөнөттүү тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү чөйрөсүн түзөбүз деп ишенебиз".

«Аймактын келечегин аймак өлкөлөрүнүн эркинен тышкары калыптандыруу мүмкүн эмес»

Президент Эрдоган «Жакынкы Чыгыштагы аймактык күчтөр буга чейин ири мамлекеттерге гана таандык деп эсептелип келген коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жоопкерчилигин колго алууга токтом кылды деп айтууга болобу?» деген суроого төмөнкүчө жооп берди: «Аймак өлкөлөрү өз коопсуздугу, өз туруктуулугу жана өз келечеги үчүн жоопкерчиликти көбүрөөк моюнга алууга тийиш.

Биздин мурдатан бери жактап келген позициябыз да дал ушундай. Аймактын маселелерин эң жакшы билгендер — ошол аймактын өлкөлөрү жана элдери.

Аймагыбыздагы окуялар, албетте, глобалдык таасирин тийгизе турган натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Аймактык ээлик кылууну, аймактык тилектештикти жана бирдиктүү эркти чыңдоо глобалдык туруктуулуктун бекемделишине да салым кошот.

Түркия катары биз аймак өлкөлөрүнүн өз ара күчтүү механизмдерди түзүүсүн, коопсуздук менен туруктуулукту биргеликте орнотуусун өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз.

Биздин максатыбыз — кимдир бирөөнү четтеткен блок түзүү эмес, аймактык бүтүндүккө болгон урмат-сыйга, өз ара ишенимге жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген аймактык кызматташтык тартибин орнотуу.

Түркия ушул түшүнүк менен иш алып барууну, зарыл болгондо жоопкерчиликти моюнга алууну жана аймагыбызда тынчтыкты, туруктуулукту,коопсуздукту чыңдоо үчүн дипломатиялык демилгелерди чечкиндүү түрдө улантууну мындан ары да чечкиндүүлүк менен уланта берет».

Президент Эрдоган сөзүн мындайча улантты:

«Мен Мекке келишими Перс булуңундагы коопсуздукту чыңдоого салым кошот деген ишенимдемин. Башынан эле айтып өткөндөй, биз аймактын гүлдөп-өнүгүшүнө, тынчтыгына жана коопсуздугуна кызмат кыла турган келишимге кол койдук.

Перс булуңундагы аймактын коопсуздугу аймактын өлкөлөрү үчүн гана эмес, дүйнөлүк экономика жана эл аралык соода үчүн да чоң мааниге ээ.

Энергетика менен камсыздоонун коопсуздугунан деңиз жолдорунун коопсуздугуна, сооданын үзгүлтүксүздүгүнөн дүйнөлүк экономикалык туруктуулукка чейинки көптөгөн маселелер бул аймактын тынчтыгы менен түздөн-түз байланыштуу.

Бул теориялык билдирүү эмес; акыркы бир нече айдагы окуялар бизге муну көрсөттү.

Ошондуктан, биз Перс булуңундагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо боюнча ар бир кадамды аймактык гана эмес, глобалдык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн да баалуу деп эсептейбиз.

Мекке биргелешкен коргонуу келишими аймактагы жалпы коопсуздукту жана тилектештикти түшүнүүгө чоң салым кошот жана аймактагы парадигманы өзгөртөрүнө ишенебиз.

Коопсуздук менен экономикалык өнүгүүнү өзүнчө кароого болбойт. Мен ар дайым саясий туруктуулук менен экономикалык өнүгүү бирге өнүгөт деп айтып келдим.

Европа башынан өткөргөн чоң согуштардан кийин алгач биргеликте туруктуулукка жана коопсуздукка, андан соң экономикалык интеграцияга жана бакубатчылыкка жетишти. Биз мындай оор жоготууларды болтурбастан ушул чекке бирге жете алабыз. Тынчтык жок жерде сооданын, инвестициянын жана бакубатчылыктын туруктуу болушу мүмкүн эмес. Булуңдун туруктуулугу — ошол эле учурда Азия, Европа жана Африканын ортосундагы экономикалык байланыштардын коопсуздугу жагынан да стратегикалык мааниге ээ.

Булуңдагы тынчтык менен туруктуулукту өзүбүздүн коопсуздугубуздан жана аймактык тынчтык көз карашыбыздан бөлбөйбүз

Ушул себептен өзүбүзгө жүктөлгөн ар кандай жоопкерчиликти моюнга алууну жана конструктивдүү дипломатиялык аракеттерибизди мындан ары да уланта беребиз».

Иликте
Иран парламенти "душман" кемелерин чектөөгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап жатат
АКШ президенти Трамп Иранга ишенбегенин билдирди
ЕБде убактылуу коргоо астында турган украиналык качкындардын саны 4,4 миллионго жетти
ДССУ: «Газадагы миңдеген бейтаптар медициналык эвакуацияны күтүп жатышат»
Иран-АКШ сүйлөшүүлөрүнүн ортомчусу Пакистандын ички иштер министри Накви Тегеранга барды
Аббас Түркияга келет
"Мекке биргелешкен коргонуу келишими менен Түрк дүйнөсүнүн түштүк коридору кепилдик астында"
Ирандын тышкы иштер министри Аракчи: "Биз согушта да, дипломатияда да жеңишке жеттик", - деди
Министр Фидан Ливияга расмий сапар менен барат
Президент Эрдоган Австриянын премьер-министри Штокер менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү
Кудс губернаторлугу: Израиль 650 жаңы үй үчүн мыйзамсыз конуш планын илгерилетүүдө
Орусия менен Украинанын чабуулдарынан жети адам каза болду
БУУ Израилдин аскердик агрессиясы Газадагы палестиналыктарга коркунуч туудуруп жатканын эскертти
Кытайдын ракетасы спутник учуруу учурунда жарылды
Трамп согуштук компенсацияларды талап кылган Ирандын компенсацияларды өзү төлөшү керектигин айтты