Рыноктук наркы 30 миллиард доллардан ашкан ASELSAN Түркиянын эң маанилүү компаниясы болду
Түркиянын коргонуу гигантынын экспортундагы өсүш жана жогорку технологиялуу кадамы дүйнөлүк инвесторлордун көңүлүн буруп, компанияны Европада алдыңкы орундарга чыгарды.
Түрк коргонуу фирмасы ASELSAN шейшемби күнү 30 миллиард долларлык рыноктук наркын ашып, Түркияда бул көрсөткүчкө жеткен биринчи компания болду. ASELSAN ошондой эле Европанын эң маанилүү коргонуу компанияларынын катарында өз ордун бекемдеди.
Компания экспортунун күчтүү өсүшү жана өнүккөн, жогорку таасирдүү технологияларга басым жасоонун негизинде Европадагы эң манилүү 10 коргонуу фирмасынын катарына кирди.
НАТОнун мүчөсү Польша менен жакында кол коюлган 410 миллион долларлык коргонуу келишими менен алдыга чыккан ASELSANдын өсүшү, компаниянын эл аралык рынокторго ыкчам кеңейүүсү менен да тездеди.
Европа өлкөлөрүнүн коопсуздук тынчсызданууларынан улам коргонуу каржылоолорун көбөйтүп жаткан маалда кол коюлган бул келишим компаниянын экспортко багытталган стратегиясын баса белгиледи.
Дүйнөлүк рыноктор технологияга багытталган фирмалардын айланасында бириккен сайын, инвесторлор ASELSANга кызыгуу көрсөтө башташты. Ушундайча компания Түркиянын технологиялык трансформациясынын алдыңкы символдорунун бири катары алдыга чыкты.
Компаниянын буйрутмаларынын көлөмү 2023-жылдын башынан бери 120 пайызга өсүп 17,9 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч ошол эле мезгилдеги дүйнөлүк сектордогу орточо өсүү темпинен (42%) дээрлик үч эсе көп.
ASELSANдын экспорту да бир топ өстү. 2025-жылдын алгачкы тогуз айында түрк коргонуу гиганты 1,45 миллиард долларлык жаңы экспорттук келишимдерге кол койду, бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 171 пайыздык өсүштү билдирет.