ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ Судандагы кагылышууну токтотууга чакырды; согуш үчүнчү жылына кирди
БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттерреш Судандагы жайкын тургундар эң оор жоготууларга учураган согушта, өлкөдөгү согушуп жаткан тараптарга кысым көрсөтүүгө чакырды.
БУУ Судандагы кагылышууну токтотууга чакырды; согуш үчүнчү жылына кирди

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Судандагы согуштун үчүнчү жылына киргендигин айтып, жарандарга тийгизген оор таасирине көңүлдөрдү бурду жана кагылышууларды токтотуу үчүн глобалдык аракеттерге чакырды.

«Кыйратуучу согуш эки жылды артта калтырды. Судан алигече кыйын кризистерге туш болууда жана анын кесепетин жарандар тартууда»,- деген Гутерреш  дүйшөмбү күнү берген билдирүүсүндө базар жерлери, ооруканалар, мектептер жана жер которгон кишилер жашап жаткан жерлерге карата жасалган кол салууларды айыптады.

«Дээрлик  12 миллион киши үйлөрүн таштап кетти жана бул абал дүйнөнүн эң чоң жер кторуу кризиси болду»,- деген Гутерреш  3,8 миллиондон ашуун кишинин коңшу өлкөлөргө баш калкалагандыгын белгиледи.

Гутерреш 30 миллиондон ашуун кишинин жардамга муктаж экендигин, булардын  25 миллионунун катуу ачарчылык менен бетме  - бет экендигин айтты. Өзгөчө «түшүмсүз айыл чарба мезгили жакындап кеминде беш аймакта ачарчылык аныкталды жана мунун дагы да жайылары күтүлүүдө»,- деп эскертти.

Билдирүүдө «жардам кызматкерлери бутага алынгандыгы» кагылышуулар башталгандан  бери  кеминде  90 жардам кызматкеринин каза болгондугун айткан Гутерреш  жоопкерчиликти талап кылды.

 “Бардык мыйзам бузуулар жана зомбулук боюнча көз карандысыз, калыс жана ачык иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшү өтө маанилүү,” – деп кошумчалады Гутерреш.

Миңдеген адам каза болуп, миңдеген адам жер которду

Гутерреш жаңыланган саясий эркке чакырып : « Жарандарды коргоого алуунун бир гана жолу - бул акылга сыйбаган согушту токтотуу»,- деди.

«Дүйнө Судан калкын унутпашы керек»,- деген Гутерреш БУУнун атайын өкүлү Рамтане Ламамра тарабынан жүргүзүлгөн тынчтык аракеттерин колдоодо чечкиндүү экендигин кошумчалады.

2023  - жылдын 15 -  апрель айынан бери Суданда Ыкчам колдоо күчтөрү менен армиянын ортосунда көзөмөлдөө боюнча күрөш жүрүп жатат жана бул абал миңдеген адамдын өлүмүнө жана дүйнөнүн эң оор гуманитардык кризистеринин бирине  жол ачты.

БУУ жана жергиликтүү жетекчилердин айтымына караганда  20 000ден ашуун киши каза болуп, 15 миллион киши жер которду. Бирок АКШлык изилдөөчүлөр каза болгондордун саны  130 000 экендигин болжолдоп жатышат.

Өлкөдөн качкандардын көпчүлүгү эң көп Эфиопия, Египет, Борбордук Африка Республикасы жана Чадга баш калкалады.

Иликте
Сириядагы автобус кырсыгында 35 киши каза болду
Иран Украинаны Каспий деңизинде коммерциялык кемеге кол салуу боюнча айыптады
Токаев Путинди "Стамбул формуласы 2.0" формуласына кайтууга чакырды
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды