САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Вице-президент Жевдет Йылмаз Кыргызстанга барат
Жевдет Йылмаз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан да кабыл алынат.
Вице-президент Жевдет Йылмаз Кыргызстанга барат
Cevdet Yılmaz / AA
 

Түркия президентинин орун басары Жевдет Йылмаз бүгүн расмий иш сапары менен Кыргызстанга барат.

Йылмаз программасынын биринчи күнүндө Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Үркүн эстелигине жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө зыярат кылат. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) 30 жылдык мааракелик концертине катышат жана Кыргызстандын борбору Бишкекте түрк бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Сапарынын экинчи күнүндө 18-сентябрда Йылмаз Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кеңешинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуп, Түркия-Кыргызстан Өкмөттөр аралык Биргелешкен экономикалык комиссиясынын 12-кезектеги жыйынына жана Биргелешкен экономикалык комиссиясынын протоколуна кол коюу аземине катышат.

Ушул эле күнү Түркия-Кыргызстан бизнес форумуна катыша турган Йылмаз, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине барат, Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин жыйынына жана ушул алкакта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өткөрүлө турган биргелешкен жыйынга катышат.

Иликте
Бенгази портундагы дрондук чабуулда жаракат алган эки ливиялык жоокер каза болду
Түркиянын биринчи калкыма күн электр станциясы 2027-жылы электр энергиясын өндүрө баштайт
Украина: "Орусиянын Запорожьеге кол салуусунан 2 жаран каза болуп, 41 адам жаракат алды"
Изилдөө: "Германияда көпчүлүк Украинага аскердик жардамга каршы"
Рютте: «Түркия түштүк канатта да, Азия менен болгон мамилелерде да маанилүү рол ойнойт»
Президент Эрдоган Кабинет жыйынынан кийин улутка кайрылды
Египетте Наполеондун 228 жыл мурун чөгүп кеткен флотуна таандык тарыхый артефакттар көрсөтүлүүдө
2025-жылы Газадагы өлүмдөрдүн саны 2022-жылдагыга караганда төрт эседен дагы көп
АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Клейтон: Системаларда дагы көп үзгүлтүктөр болот
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Фидан: «АКШ өзүнүн глобалдык стратегиясын кайра карап чыгууда»