YPG террордук уюмунун Сириянын Хасеке шаарындагы дрон менен кол салуусунда 7 жаран каза болду

Жарыяланган ок атышпоого карабастан кол салуу бир жылкы фермасын бутага алды.

By
Әуеден түсірілген көріністе Аль-Шаддада қаласындағы түрме көрсетілген. Онда YPG ДАИШ лаңкестік ұйымының мүшелерін босатты деп хабарланды. / AA

Жергиликтүү булактар YPG террордук уюмунун Сириянын түндүк - чыгышындагы Хасеке провинциясында камикадзе дрондору менен жасаган кол салуусунда жети жарандын каза болгонун билдирди.

Булактар кол салуунун Эль-Нашва конушундагы жылкы фермасын бутага алганын белгиледи.

Кол салууда араларында аялдар менен балдар болгон көп сандаган кишинин жаралангандыгы билдирилди.

Окуя Сирия Президенттигинин шаршемби күнү YPG террордук уюму менен келишимдин түзүлгөнү жана ушул алкакта Хасекенин иш жүзүндөгү интеграциясы боюнча жол картасын иштеп чыгуу үчүн уюмга төрт күндүк мөөнөт берилгенин, бул процессте ок атышууну токтотуунун күчүндө болорун жарыялагандан кийин болду.

YPG - Түркия, АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм катары таанылган ПККнын Сириядагы уландысы болуп саналат.