МАДАНИЯТ
2 мүнөт окуу
Түрк дарыгери "Дүйнөлүк алтын медаль" сыйлыгын алды
Бул сыйлык Түркиядагы окутуучуга биринчи жолу берилди.
Түрк дарыгери "Дүйнөлүк алтын медаль" сыйлыгын алды
Түрк дарыгерине эл аралык аренада «Дүйнөлүк алтын медаль» сыйлыгы

Түркиялык ЛОР (кулак, мурун жана тамак) адиси профессор доктор Метин Өнержиге Эл аралык отоларингология коомдору федерациясы тарабынан 9-13-сентябрь күндөрү Стамбулда өткөрүлгөн Дүйнөлүк отоларингология конгрессинде "Дүйнөлүк алтын медаль" сыйлыгы тапшырылды.

Катышуу жагынан дүйнөдөгү эң ири ЛОР конгресси болгон бул иш-чарада профессор доктор Өнержинин ЛОР илими жаатындагы илимий изилдөөлөрү жана эл аралык билим берүү ишмердүүлүгү бааланып, ага сыйлыкты ыйгаруу бир добуштан чечим кабыл алынды. Ошентип бул сыйлык Түркиядагы окутуучуга биринчи жолу ыйгарылды.

Профессор доктор Метин Өнержи AA кабарчысына берген маегинде Эл аралык отоларингология коомдору федерациясы дүйнө жүзү боюнча ЛОР коомдорун бириктирген башкы уюм экенин айтты.

Федерациянын болжол менен 100 000 мүчөсү бар экенин жана 138 өлкөнүн ассоциациялары уюмга салым кошконун маалымдаган Өнержи, төрт жылда бир өткөрүлүүчү конгресс ар кайсы өлкөлөрдөн келген ЛОР адистерин бириктирерин кошумчалады.

Өнержи сыйлык берүү чечими Түркиядан эч кандай өкүл кирбеген эл аралык комитет тарабынан кабыл алынарын жана комитет сыйлыкты ыйгаруу үчүн илимий изилдөөлөрдү, дүйнөлүк ЛОР илимине кызмат көрсөтүүнү жана билим берүү иш-аракеттерин баалаарын белгиледи.

"Түрк катары мени абдан сыймыктандырды"

Сыйлыкты алуу өзү үчүн чоң сыймык экенин билдирген Өнержи: "Быйылкы медаль менен сыйланганым түрк катары мени абдан сыймыктандырды. Түркияда ЛОР (кулак, мурун жана тамак) илими өтө жогорку деңгээлде. Абдан мыкты кесиптештерибиз бар. Жыйындын илимий комитеттеринде иштеген бардык кесиптештерибиз дүйнөдө кадыр-барктуу кызматтарга ээ адамдар. Түркия дүйнөдө абдан кадыр-барктуу орунга ээ. Мен алардын баары менен сыймыктанам", - деди.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди