ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Макрон: Ормуз кысыгын ачуу үчүн күч колдонуу идеясы реалдуу эмес
Франциянын президенти Макрон АКШ жана Израиль баштаган аракеттер Европанын жоопкерчилигинде эмес экенин айтып, тынчтыкка мүмкүн болушунча тезирээк жетүү артыкчылыктуу экенин баса белгиледи.
Макрон: Ормуз кысыгын ачуу үчүн күч колдонуу идеясы реалдуу эмес
Макрон: «Биз тынчтыкты каалайбыз» / Reuters

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШнын президенти Дональд Трамптын союздаштарды кысыкты кайра ачууга чакырыгынан кийин Ормуз кысыгын күч менен ачуу үчүн аскердик операцияны баштоо идеясы реалдуу болбой турганын билдирди.

Макрон бейшемби күнү Түштүк Кореяга сапары учурунда журналисттерге «Айрымдар Ормуз кысыгын аскерий операция аркылуу күч менен ачуу идеясын жакташат, бул позицияны АКШ да кээде билдирген», - деди.

«Бул биз колдогон вариант эмес, анткени реалдуу эмес», — деген Макрон: «Узакка созулат жана кысыктан өткөндөрдү баллистикалык ракеталардын коркунучтарына дуушар кылат», — деп кошумчалады.

Кагылышуулар токтогондон кийин Ормуз аркылуу эркин өтүүнү камсыз кылуу үчүн европалык жана башка өнөктөштөр менен коалиция түзүү боюнча аракет кылган Макрон муну Иран менен сүйлөшүү аркылуу гана жүзөгө ашыруу мүмкүн экенин айтты.

«Биз башынан бери айтып келгенибиз — бул кысык энергетика агымдары, жер семирткичтер жана эл аралык соода үчүн стратегикалык мааниге ээ болгондуктан кайра ачылышы керек, бирок бул Иран менен консультация жүргүзүлүп гана аткарылышы мүмкүн», — деди.

«Биз тынчтыкты каалайбыз»

Трамптын НАТО өнөктөштөрүн сындаганы жана АКШны альянстан чыгарабыз деп коркутканы тууралуу суроого Макрон мындай деп жооп берди:

«Америкалыктардын Израиль менен өз алдынча чечкен операциясы боюнча үзгүлтүксүз комментарий бергим келбейт. Алар жардам албай жатканына нааразы болушу мүмкүн, бирок бул биздин операция эмес. Биз мүмкүн болушунча тезирээк тынчтыкты каалайбы».

Макрон ошондой эле Трамптын өзүн жана жубайы Брижитти тамашалаган өңүттөгү сөздөрүн «орунсуз жана ылайыксыз» экенин айтты.

"Мен жооп бербейм; бул жоопко татыктуу эмес", - деп кошумчалады.

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"