САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Ахмед аш-Шара жаңы өкмөт “коррупциянын биздин мекемелерге киришине эч качан жол бербейт” деп убада берет.
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шара Дамаскта Сирия Араб Республикасынын өкмөтүнүн министрлер курамын түзүү учурунда сүйлөп жатат. / Reuters

Сириянын жаңы өкмөтүн жарыялоо аземи президент Ахмед аш- Шаранын өкмөттү жоопкерчилик жана ачык-айкындуулуктун негизинде мамлекеттик институттарды кайра курууга умтуларын убада кылуусу менен башталды.

Аш-Шара ишемби күнү Дамасктагы Президенттик сарайда өткөн аземде:«Биз улуттук жолубуздун жаңы баскычына күбө болуп жатабыз жана бүгүн жаңы өкмөттүн түзүлүшү — бул жаңы мамлекет куруу боюнча жалпы эркибиздин жарыясы»,-деди.

«Бул өкмөт билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында жаңы горизонтторду ачууга умтулат жана коррупциянын биздин институттарга киришине жол бербейбиз».

Өкмөт «мамлекеттик институттарды жоопкерчилик жана ачык-айкындуулук негизинде кайра курарын» кошумчалады.

Жаңы өкмөт 22 министрден турат, алардын арасында бир аял министр да бар.

Министрлер жана алардын кызматтары:

Өкмөттүн курамына коргоо министри Мурхаф Абу Касра, ички иштер министри Анас Хаттаб, тышкы иштер министри Асад аш-Шайбани, адилет министри Мазхар аль-Ваис, жогорку билим берүү министри Марван аль-Халаби, социалдык иштер жана эмгек министри Хинд Кабават жана диний фонддор министри (Вакф) Мухаммад Абу аль-Хайр Шукри кирет.

Ошондой эле, маалымат министри болуп Хамза Мустафа, транспорт министри болуп Яроб Бадр, административдик өнүгүү министри болуп Мухаммад Эскаф дайындалды. Туризм министри болуп Мазен аль-Салхани, ал эми жаштар жана спорт министри болуп Мухаммад Самех Хамад кызматка келди.

Маданият министри болуп Мухаммед Салех, ал эми коомдук иштер жана турак жай министри болуп Мустафа Абдул Раззак дайындалды.

Билим берүү министрлигин Мухаммад Абдул Рахман Турко жетектейт, ал эми айыл чарба министри болуп Амжад Бадр дайындалды.

Байланыш жана маалыматтык технологиялар министри болуп Абдул Салам Хайкал, ал эми өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктарды башкаруу министри болуп Раед аль-Салех дайындалды.

Ошондой эле, жергиликтүү башкаруу министри болуп Мухаммет Анжаррани, саламаттыкты сактоо министри болуп Мусаб Наззал аль-Али, экономика министри болуп Нидал Аль-Шаар дайындалды. Финансы министри болуп Мухаммет Юср Барние, ал эми энергетика министри болуп Мухаммет аль-Башир кызматка келди.

Министрлер өз сөздөрүн айтып, андан кийин Аль-Шаранын алдында ант беришти, деп билдирет Anadolu агенттигинин кабарчысы.

Башар Асаддын режими оппозициялык күчтөр тарабынан декабрда кулатылгандан кийин, үч айлык мөөнөткө убактылуу өкмөт түзүлүп, аны премьер-министр Мухаммет аль-Башир жетектеп келген. Аль-Шара январь айынын аягында өткөөл мезгилдин президенти деп жарыяланган.

Иликте
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Шара: «Биз Сириянын Ливанга мурдагы аскердик кийлигишүүсүнүн ыкмасына кайткыбыз келбейт»
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Каирдеги жолугушуу башталды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат