ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Хакан Фидан менен Ибрахим Калын Анкарада Рустем Умеров менен жолугушту
Москва жана Киев менен иш алып баруу байланыштарын улантып жаткан Түркия кагылышуу башталгандан бери негизги ортомчу катары өз ордун тапты.
Хакан Фидан менен Ибрахим Калын Анкарада  Рустем Умеров менен жолугушту
The meeting between Hakan Fidan and Rustem Umerov took place in Ankara on the first day of the new year. / AA

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюмунун (MIT) башчысы Ибрахим Калын Анкарада жаңы жылдын биринчи дипломатиялык жолугушуусун Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен өткөрүштү.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, Фидан менен Умеровдун жолугушуусу бейшемби күнү Анкарада өттү.

Кенен түрдө маалымат берилген жок, бирок сүйлөшүүлөр дээрлик төрт жылга созулган Россия -Украина согушун токтотууга жардам бере аларына байланыштуу эл аралык деңгээлде күч алган позитьивдүү бир чөйрөдө ишке ашты.

Москва жана Киев менен иш алып баруу карым - катнаштарын улантып жаткан Түркия кагылышуу башталгандан бери өзүн негизги ортомчу катары көрсөтүп, ок атышууну токтотуу аракеттерин, туткундарды алмашуу жана согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдү колдоду.

Ибрахим Калын менен жолугушуу

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка ылайык, Умеров менен Калындын жолугушуусунда Украинадагы учурдагы коопсуздук абалы, ошондой эле Россия менен Украинанын ортосундагы уланып жаткан кагылышуу жана анын аймактык жана глобалдык кесепеттери талкууланды.

Тараптар сүйлөшүү учурунда тынчтыкка жетишүү үчүн таштала турган кадамдарды, сүйлөшүү процесстериндеги акыркы окуяларды жана аймактык кырдаалды эске алуу менен ишке ашырыла турган потенциалдуу иш-аракеттерди карап чыгышты.

Мындан тышкары, жолугушууда Россияда кармалып турган украиналык аскер туткундарын бошотуу маселеси жана тараптардын ортосундагы туткундарды алмашуу боюнча аракеттер да талкууланды.

Калын менен Умеров учурдагы кызматташтык механизмдеринин алкагында Түркия менен Украинанын ортосундагы системалуу кызматташууну улантуу боюнча макулдашышты.

Фидандын 2025-жылдагы дипломатиялык маратону

Умеров менен болгон жолугушуу Фидандын интенсивдүү дипломатиялык жылын жыйынтыктагандан кийин ишке ашты.

Тышкы иштер министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, 2025-жылы 89 өлкөдөн кесиптештери менен 241 жолу жолугушуу өткөрдү жана Анкаранын эл аралык деңгээлде тышкы саясаттагы активдүү кадамдарын баса белгиледи.

Министрлик тарабынан бөлүшүлгөн видеодо Фидандын өткөн жылы 50 өлкөгө 73 жолу өлкө тышы сапар жасаганы, алардын 22си президент Режеп Таййип Эрдоган менен бирге жасалганы баса белгиленди.

Түркиянын тышкы иштер министри өзгөчө 22 көп тараптуу жыйынды өткөрүп, 31 эл аралык жыйынга катышты, алардын 10уна президент Эрдоган да катышты.

Мындан тышкары, Түркия 96 өлкөнүн тышкы иштер министрлерин эки тараптуу сапарлар жана көп тараптуу иш-чаралар аркылуу кабыл алып, бул Анкаранын дүйнөлүк өзгөрүп жаткан шарттардагы кеңири дипломатиялык жеткиликтүүлүгүн көрсөттү.

Иликте
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү