ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль ок атышууларды токтотуу келишиминин ишке киргенин расмий түрдө билдирди
Израиль армиясы: "Саат 09:00 GMT боюнча, бөлүктөр жаңы операциялык жайгашуу линияларында позицияларын алышты",- деп билдирди. ",
Израиль ок атышууларды токтотуу келишиминин ишке  киргенин расмий түрдө билдирди
Израиль армиясы 2025-жылдын 10-октябры, жума күнү Газадан аскерлерин чыгаруунун биринчи этабын баштады. / AP

Израиль жума күнү билдирүү жасап, ок атышууну токтотуу келишими 2025-жылдын 10-октябрында түшкү саат тарда (Гринвич убактысы боюнча 09:00) күчүнө киргенин жарыялады.

Израиль армиясы: «Ок атышууну токтотуу келишими Израиль убактысы боюнча саат 12:00дө күчүнө кирди. Саат 12:00дөн тартып, армия күчтөрү келишимдин негизинде жаңы операциялык жайгашуу линияларында ордуларын алышты. жана барымтага алынгандарды кайтаруу иштери башталды», – деп билдирди Анадолу агенттигине.

Билдирүүдө бөлүктөрдүн түштүк командирлик аймагына жайгаштырылганы жана "ар кандай чукул коркунучту жоюу үчүн ишин уланта берери" белгиленип, кошумча маалымат берилген жок.

Анадолу агенттигинин аймактагы кабарчысы билдиргендей, ок атышпоонун күчүнө кириши менен Израиль армиясынын Эр-Рашид жана Саладин жолдорунун унаа кыймылына ачык экенин жарыялоосунан кийин миңдеген жер которгон палестиналык Газа тилкесинин түштүгүнөн Эр-Рашид көчөсү аркылуу Газа шаарына кайтып келе баштады.

Израиль армиясы Газадан этап-этабы менен аскерлерин чыгаруунун биринчи этабын жума күнү баштады. Израилдик басма сөздүн маалыматына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа согушун токтотуу планында белгиленген аймактарга чек арадан чыгуу 24 сааттын ичинде аяктайт.

Израиль армиясынын радиосу билдиргендей, Трамптын планына ылайык ишке ашырылып жаткан аскерлерди этап-этабы менен чыгаруу жума күнү түштөн кийин аяктайт.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"